​Бир аптада кимдер келип, кимдер кетти?

​Бир аптада кимдер келип, кимдер кетти?
9-Дек. 2017, Ишемби, 14:56

4-8-декабрда өлкөдө бир катар кадрдык алмашуулар жүрдү.

Мурдагы биринчи вице-премьер министр Толкунбек Абдыгуловдун ордуна өлкөнүн тарыхында биринчи жолу депутат биринчи вице-премьер-министр болуп парламенттеги “Бир бол” фракциясынан депутат Аскар Шадиев шайланды. Шадиев отун энергетика комплексин жетектейт.

Ошол эле учурда Жогорку Кеңештин вице-спикери Алтынай Өмүрбекова төраганын орун басары кызматын тапшырды. Ал төраганын орун басары кызматын 1,5 жыл аркалаган.

Учурда вице-спикерлик кызматка эки талапкер көрсөтүлүп жатат, Ата Мекен фракциясы Сайдулла Нышановду көрсөтсө, ал эми Республика-Ата Журт фракциясы Курманкул Зулушевди сунуштап жатат.

Өкмөттүн Талас облустундагы өкүлү болуп Марат Мураталиев дайындалды. Ал буга чейин вице-премьер-министр болуп дайындалган Даир Кенекеевдин оордуна келди.

Айдин Шаршеев Экономика министрлигине статс-секратар болуп дайындалды. Бул кызмат сентябрь айынан бери бош турган.

Борбордук шайлоо комиссиясыны орун басары Атыр Абдырахматова кызматынан алынды. Бирок Абдырахматова комиссиянын курамында калды.

Нарын областынын Ички иштер башкармалыгында жетекчи алмашты. Жетекчилик кызматка Уланбек Аалиев дайындалды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!