Президенттин Өзбекстан сапарында кайсы маселелер каралат?

Президенттин Өзбекстан сапарында кайсы маселелер каралат?
12-Дек. 2017, Шейшемби, 12:29

13-14-декабрь күндөрү боло турган президент Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстанга жасачу алгачкы расмий иш сапарында эки өлкө ортосунда биргеликте аткарыла турган иштер талкууланат.

Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Айзада Субакжоева билдиргендей, визит учурунда президент Жээнбеков Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёев, премьер-министр Абдулло Арипов менен жолугушат.

Визит алкагында каржы, илими, бажы тармагында биргеликте кызматташуу маселелери каралып, бир нече документке кол коюулары күтүлүүдө.

Ага удаа эки өлкөнүн ишкерлери жолугушуп, бир чейин айтылган унаа, тиричилик техникаларынын тетиктерин чогултуучу заводду биргеликте ачуу ишин аягына чыгаруу макулдашылат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!