Парламент вице-спикерди шайлайт

Парламент вице-спикерди шайлайт
13-Дек. 2017, Шаршемби, 10:55

Бүгүн, 13-декабрда парламент депутаттары Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарын шайлайт.

Спикер кызматына парламенттеги ар бир фракция бирден талапкер көрсөткөн. «Ата Мекен» фракциясы Сайдулла Нышановду, «Өнүгүү-Прогресс» фракциясы Мирлан Бакировду, «Республика-Ата-Журт» фракциясы Курманкул Зулушевди көрсөткөн.

Эскерте кетсек, 6-декабрда мурдагы вице-спикер Алтынай Өмүрбекова кызматын өз каалоосу менен тапшырып берген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!