Мирзиёев: «Бизде чек ара болбошу керек»

Мирзиёев: «Бизде чек ара болбошу керек»
14-Дек. 2017, Бейшемби, 06:12

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёв кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуусунда Өзбекстан үчүн тышкы саясатта кошуналар менен достук мамиле артыкчылыктуу болуп саналаарын белгиледи.

“Биздин эң жакын кошунабыз - Кыргызстан. Бизде чек ара болбош керек, биз таптакыр башка деңгээлде алдыга гана барышыбыз керек. Биз тил табышабыз деп ишенем, ал эми ортодогу проблемаларды биз чечебиз. Айрыкча чек арада канатташ жайгашкан райондордун жашоочулары бизден чечимдерди күтүп жатышат”, -деди Мирзиеёв.

Ошондой эле өзбек лидери өлкөлөр ортосундагы өз ара аракеттенишүү тарыхында товар жүгүртүү мындай деңгээлге жеткен эместигин белгиледи.

“Бул жылдын акырына карата 250 миллион доллар. Мунун өзү биз жөн гана чек араны ачпастан, бири бирибизге чын дитибизди ачканыбызды ырастап турат. Мамилелерди таптакыр башка жаңы деңгээлге чыгарууга саясый эрк болсо, көп нерсе Президенттерге байланыштуу болот. Биз эл каалаган нерселерди жасап жатабыз. Адамдар бардык жакшы иштерди эртең эмес, бүгүн көргүсү келет”, -деп кошумчалады Өзбекстандын президенти.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков расмий сапар менен келип кетүүгө чакыргандыгы үчүн кесиптешине ыраазычылык билдирди.

“Биз алгачкы мүнөттөн тартып салттуу өзбек меймандостугун сездик. Жылуу кабыл алганыңыздар үчүн биз абдан ыраазыбыз. Бул менин мамлекет башчы катары алгачкы расмий сапарым. Кыргызстан биздин боордоштук мамилелерди өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө чечкиндүү турат. Биз буга абдан кызыктарбыз. Акыркы жылы жасалгандай иштер чейрек кылымда жасалган эмес. Мен мамлекеттин жаңы президенти катары жетишилген макулдашуулар күчүндө экендигин ырастайм. Элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн аларды ишке ашыруу үчүн мен бардык күч аракетимди жумшайм”,- деди Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!