Кыргызстан менен Өзбекстандын парламенттери кызматташат

Кыргызстан менен Өзбекстандын парламенттери кызматташат
22-Дек. 2017, Жума, 10:51

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков баштаган делегация Өзбекстанга расмий иш сапары менен барып, кыргыз парламенти менен Олий Мажлистин ортосундагы кызматташуу планына кол коюлду.

Парламенттин маалымат кызматы билдиргендей, делегациянын Өзбекстанга болгон расмий сапары 21-декабрда эки өлкөнүн парламенттик байланыштарын бекемдөөгө багытталган документке кол коюу менен жыйынтыкталды. Практикалык иш-аракеттердин планы келишимине ылайык, 2018-жылы Өзбекстан менен Кыргызстан парламенттери бир катар жолугушууларды өткөрөт.

11 пункттан турган бул документте 2018-жылы Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын төрагасы Нигматилла Юлдашевдин расмий иш сапарын уюштуруу, эки өлкөнүн парламенттеринин байланышын бекемдөө максатында, парламенттер аралык комиссия түзүү, тармактык комитеттер, депутаттык топтор жана аппарат деңгээлиндеги жолугушууларды уюштуруу жана башка ушул сыяктуу иш-чараларды өткөрүү мерчемделген.

Документке Кыргызстан тараптан Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков, Өзбекстан тараптан Олий Мажлистин Сенатынын Төрагасы Нигматилла Юлдашев кол койду.

Кыргыз парламентинин спикери Дастанбек Жумабеков баштаган парламенттик делегациянын эки күндүк расмий сапары Самарканд шаарында мурдагы президент Ислам Каримовдун күмбөзүнө гүл коюу менен башталып, Ташкентте жогорку деңгээлдеги жолугушуулар менен уланды. Кыргыз парламентинин өкүлдөрү Олий Мажлистин Сенаты жана Мыйзам чыгаруу палатасынын жетекчилери жана депутаттары менен көрүштү. Андан сырткары, Төрага Дастанбек Жумабеков Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтык мамилелерди арттыруу жаатында пикир алышты.

Расмий сапардын маданий бөлүгүндө Кыргызстан парламентинин делегациясы “Чыңгыз Айтматов жана Өзбекстан” деп аталган туруктуу экспозиция менен таанышып, Ташкенттин борборундагы “Көз карандысыздык жана гуманизм” монументин жана Хазрати Имам тарыхый-руханий комплексине зыярат кылышты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!