Биргелешкен келишимдерге кол коюлду

Биргелешкен келишимдерге кол коюлду
26-Дек. 2017, Шейшемби, 09:43

Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстанга жасаган расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча биргелешкен документтерге кол коюу аземи өткөрүлдү.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, эки өлкөнүн мамлекет башчылары Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда кыргыз-казак мамлекеттик чек арасын демаркациялоо жөнүндө келишимге кол коюшту.

Ошондой эле президент Жээнбековдун Казакстанга жасаган расмий иш сапарынын жыйынтыгы боюнча эки өлкөнүн өкмөттөрү ортосунда кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы режим жөнүндө макулдашууга дагы кол коюлду.

Белгилей кетсек, Сооронбай Жээнбеков президент катары биринчи жолу Казакстанга расмий визит менен барды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!