Жээнбековдун Россияга сапары башталды

Жээнбековдун Россияга сапары башталды
26-Дек. 2017, Шейшемби, 10:10

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-декабрда Казакстандан Россияга мамлекеттик сапары менен барат.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, иш сапар орус президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен болууда.

Иш-сапар учурунда президент Жээнбеков Россиянын жогорку бийлик өкүлдөрү менен жолугушуп, КМШ мамлекет башчыларынын расмий эмес жолугушуусуна катышмакчы.

Күн мурун президент Жээнбеков Казакстанга расмий иш сапары менен барып, казакстандык кесиптеши Назарбаев менен эки тараптуу кызматташтык боюнча биргелешкен билдирүү, кыргыз-казак чек арасын демаркациялоо жөнүндөгү макулдашууга кол коюшкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!