Жаңы өкмөт мүчөлөрү ант берди

Жаңы өкмөт мүчөлөрү ант берди
29-Дек. 2017, Жума, 09:57

Кыргыз өкмөтүнүн жаңы мүчөлөрү күн мурун Жогорку Кеңештин жыйынында ант беришти.

Президенттик аппараттын маалымат бөлүмү кабарлагандай, ант берүү аземине өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков катышты.

Өкмөттүн төмөндөгү мүчөлөрү ант беришти:

- биринчи вице-премьер-министр Шадиев Аскарбек Алимбаевич;

- вице-премьер-министр Кенекеев Дайыр Атакулович;

- маданият, маалымат жана туризм министри Жумагулов Султанбек

Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин депутаттарына жана өкмөт мүчөлөрүнө иштерине ийгилик каалап, келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктады.

“Жаңы жылыбыз жакшылыктардын, ийгиликтердин жана токчулуктун жылы болсун. Элибиздин жашоосу жакшы болсун. Баардыгыбыз эл үчүн иштейбиз деп убада бергенбиз. 2018-жылы убадалардын бардыгы аткарылсын”, - деп белгиледи мамлекет башчысы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!