​Санжар Муканбетов депутаттардын сынынан өттү

​Санжар Муканбетов депутаттардын сынынан өттү
10-Янв. 2018, Шаршемби, 12:05

Жогорку Кеңеште вице-премьер министрлик кызматка Санжар Муканбетовдун талапкерлиги жактырылды.

Мурдагы вице-премьер министр Толкунбек Абдыгулов Улуттук банктын жетекчилигине кайра дайындалгандыгына байланыштуу вице-премьер министрлик кызмат орду бош турган. Бул кызматка Санжар Муканбетовдун талапкерлигин өкмөт башчы Сапар Исаков сунуштаган.

Муканбетов Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын жетектейт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!