​Текебаев дарыгерлердин кароосунан өттү

​Текебаев дарыгерлердин кароосунан өттү
18-Янв. 2018, Бейшемби, 10:11

Өмүрбек Текебаевдин ден соолугун дарыгерлер текшерди. Бул тууралуу Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, анализдердин жыйынтыгы чыккандан кийин Ө.Текебаевдин башка ооруканада стационардык дарылануудан өтүшү боюнча маселе чечилет.

Эскерте кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары 11-декабрда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчилигине Өмүрбек Текебаевди кадимки ооруканага которуу өтүнүчү менен, кайрылуу жолдошкон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!