Жалал-Абад шаардык кеңешин таратуу демилгеленүүдө

Жалал-Абад шаардык кеңешин таратуу демилгеленүүдө
13-Март 2017, Дүйшөмбү

Өткөн жылдын 11-декабрында шайланып келген Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары бешинчи ирет сессияга чогула албады. Буга чейин 16-январга белгиленген шаардык кеңештин сессиясына “Өнүгүү-Прогресс” жана “Ата-Журт” фракцияларынын депутаттары келбей койгондугу үчүн, отурум 21-февралга жылдырылган. Анда “Ынтымак” коалициясынын түзүлгөнү расмий жарыяланып, төрага шайланмак. Кийинки отурум 2-мартка белгиленип анда болбой, андан кийин 10-март, 20-март күндөрү себепсиз тыныгуу жарыяланып, сессия үзгүлтүккө учураган.

Шаардык кеңештин сессиясына келбей койгондугунун себебин Жалал-Абад шаардык кеңешинин “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Майрамбек Адылбеков КСДП, “Кыргызстан” жана “Республика-Ата Журт” фракциялары тарабынан түзүлгөн “Ынтымак” көпчүлүк коалициясы мыйзам бузуу менен баштагандыктан “Өнүгүү-Прогресс” жана “Ата-Журт” фракцияларынын депутаттары сессияга катышпоо чечимин кабыл алышканын билдирди.

“Себеби, шаардык кеӊешке өтүп келген беш партиянын депутаттары бир пикирге келе албай, мыйзамдуу сессияларга чогула албай ушул күнгө чейин шаардык кеӊештин төрагасын, шаар мэрин шайлай албай келүүдө. Натыйжада шаардык кеӊештин иштери үзгүлтүккө учурап, шаар бюджети кабыл алынбай, бир топ көйгөйлөр чечилбей жаткандыктан, тарап кетүү менен тезирээк саясий кризисти жоюп, кайрадан шайлоо өткөрүп, саясий күчтөрдү жаӊылоо, жаӊы партиялар, депутаттар келсе өзгөрүү болуп калаар деген ой.Толук депутаттык курам мыйзамдык талаага келмейинче сессияларга катышуудан баш тартабыз. Жогорудагы үч фракция менен иштешүү мындан кыйын болоорун сезип, шаардык кеңешти мөөнөтүнөн мурда таркатууну демилгелеп, 13 депутат кол койду”,-деди депутат Адылбеков.

Ал ортодо депутаттар кесиптештери менен бир пикирге келүү максатында көпчүлүк коалициянын атынан борбордук шайлоо комиссиясына кайрылган.

Бирок буга БШК эч кандай чара көрө албастыгын билдирип, шаардык кеңештин депутаттары өздөрү келишимге келиши керектигин эскерткен.

Авазов: Бюджет бекибегендиктен көп долбоорлор токтоп турат

Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов журналисттерге шаардык кеңешти таратуу демилгесин көтөргөн эки партиянын айынан эл өкүлдөрүнүн ортосунда саясий тирешүү түзүлүп калган деп билдирди.

Ал белгилегендей, 10-мартта болуучу депутаттардын шаардык кеңешинин сессиясы жогорудагы эки фракциянын депутаттарынын келбей коюшунан улам болбой калган. Буга чейин да эки-үч ирет сессия ушундай эле себеп менен болбой калган.

“Депутаттар шайланаарда элге көп убадаларды беришкен, “силер үчүн, шаар үчүн иштейбиз” дешкен. Бирок, мандат алышкан соң, дароо өздөрүнүн кууш саясий амбициясына өтүштү. Аларга шаардын мэринин жана шаар кеңешинин төрагасынын, муниципалдык кызматтардын креслосу гана керек экен. Азыр бизде тезинен ишке ашырылуучу көп долбоорлор шаар бюджети бекитилбеген себептүү токтоп турат. Мисалы, Ленин – Нагима Айтматова көчөлөрүнүн кесилишиндеги 22 миллион сомдук жер астынан өткөөл жасоо долбоору тезинен башталышы керек эле, аргасыз токтоп турабыз. Андан башка да бир нече миллиард сомдук долбоорлор бекитилсе, биз быйыл түз инвестицияларды алып келмекпиз, - деди шаар мэри Авазов.

Эскерте кетсек, шаардык кеңешке КСДП, “Кыргызстан”, “Ата-Журт”, “Республика – Ата-Журт” жана “Өнүгүү-Прогресс” партиялары мандатка ээ болушкан. Адегенде “Өнүгүү-Прогресс”, “Ата-Журт” жана “Республика – Ата-Журт” партиялары биригип “Биримдик” көпчүлүк коалициясын түзүп, кийин ал ыдырап кеткен. Андан соң, КСДП, “Кыргызстан” жана “Республика – Ата-Журт” партиялары 18 добуш менен “Ынтымак” көпчүлүк коалициясын түзүшкөн. Бирок, коалициядагы депутаттардын добушу 21ге жетпегенден улам, шаардык кеңештин төрагасын, шаар мэрин шайлоого мүмкүн болбой жатат. Шаардык кеңеште 31 депутаттык мандат бар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!