Байлык – адамды ажалынан мурда өлтүрөт

Байлык – адамды ажалынан мурда өлтүрөт
5-Апр. 2018, Бейшемби, 15:43

Америкалык дарыгерлер изилдөө жүргүзүшүп, байлыгын бир заматта жоготкон адам ажалынан мурда бул дүйнө менен кош айтаары мүмкүн экенин далилдешти.

Эки жылда байлыгынын 75 пайызын жоготкон адамдын кийинки 20 жылда кайтыш болуу коркунучу 50 пайызга артат экен. Себеби, мындай жагдай адамдын ден соолугун узак убакытка таш талканын чыгарат.

Ошондой эле изилдөөгө байлыгы аз адамдар да катышкан. Алардагы бул көрсөткүч 67 пайызды түзгөн. Окумуштуулар мунун себебин психологияда деп түшүндүрүштү. Анткени, байлыгын жоготкон адам эң биринчи психологиялык сокку алат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!