Ар бир адам миллионер боло алат

Ар бир адам миллионер боло алат
12-Апр. 2018, Бейшемби, 16:37

Адам байлыкка жетиштин түрдүү жолун көп ойлонуп, адамдык арын унутуп калат деп көп айтып келебиз. Бирок, акчаны көбүрөөк табуу менен бирге адамгерчилигин жоготпогон адам мындай нерсеге жол бербейт.

Акча табуу кыйын эмес, аны сактап жана көбөйтүү кыйыныраак.

Башкалардын байып кетүүсүнө жардам берген адамдын өзү да байыйт.

Бирөөгө карызга акча берсеңиз, аны унутуп салыңыз. Керек болсо өзү кайтарып берет.

Кредит алууну оюңузга да албаңыз.

Акчаңыз сиздин керегиңизди канаттандырбай жатса, кошумча жумуш издеңиз. Милдеттүү түрдө табасыз.

Байлыгыңызды жана кирешеңизди айтып мактануудан алыс болуңуз.

Майда төлөмдөрдү дароо төлөп таштаңыз.

Ар дайым жаңы киреше булагы тууралуу ойлонуп жүрүңүз.

Адамдар өз жумушун барктабаганы, жакшы көрбөгөнү үчүн гана аз акча табат.

Пландабаган нерсени сатып албаңыз.

Ар бир адам миллионер боло алат.

Баарынан мурда карызыңыздан кутулуңуз.

Бир бизнеске акчаңыздын баардыгын салып жибербеңиз.

Миллионерлер айтып кеткен кеңештерди көп окуңуз.

Байлыгыңыздын деңгээли жеке касиеттерге да байланыштуу.

Жеке жашооңузду калыбына келтириңиз. Үй-бүлөлүк маселелер капитал жыйноого тоскоолдук болот.

Эң башкысы кайрымдуулук менен алектениңиз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!