Кыялдарыңызды өзүңүз жакындатыңыз!

Кыялдарыңызды өзүңүз жакындатыңыз!
28-Апр. 2018, Ишемби, 12:10

Кыяды максатка, максаты планга айлантуу дегенди көп угуп келебиз. Уктаар алдында ойлогон кыялыбыз, эртең менен ойгонгондо максатка айланса, планга да бир кадам жакындадык деген сөз. Кыялдарыбызды ишке ашыруу үчүн, кыялга берилип жүрө бербей, аракетке көчүү керегин барыбыз билебиз. Ал эми аны жакындатуу психологиялык жактан өзүбүздүн да колубуздан келет.

Кыялдарды ишке ашыруу үчүн ал ар дайым сиздин жаныңызда болушу керек. Мисалы, чоң үйүңүз болушун кааласаңыз, анын сүрөтүн кагазга тартып, бөлмөңүздүн дубалына илип коюңуз. Компьютериңиздин жумушчу столуна да ошол сүрөттү коюп коюңуз.


Кыял-максат кагазга жазылнган сайын, сизе жакындай баштайт. Өткөн чакта бар болгон пландарыңзды кагаз бетине жазыңыз. Мисалы, “Мен биринчимин!”, “Кесиптештеримдин (же досторума) алдында сыйлуумун!”, “Менин балдарым өтө акылдуу жана тартиптүү”. Кандай жагдай болгонун кааласаңыз, көзүңуздү жумуп, ошону элестетиңиз. Ар бир майда-чүйдөсүнө чейин элестетип, көз алыдыңыздан өткөрүңүз.

Карым-катнашта баардыгы жакшы болгонун кааласаңыз, муңдуу, кайгылуу музыканы укпаңыз. Тескерисинче, “Бактылуумун өзүң менен” “Сенсиң менин бакытым” деген сыяктуу, жакшылыкты үмүттөндүргөн обондорду угуңуз. Буга чейин айтып кеткендей, кыялдарыңыз менен пландарыңызды эч кимге айтпаңыз!

Тагдырдын жазганы болот, ага эч ким шек келтире албайт. Бирок тагдыр ташы кайсы жагына ооп кетерине өзүңүз себепчи экениңизди эстен чыгарбаңыз! Башкысы, кыялдардын орундалышына чын жүрөктөн ишенсеңиз болду! Мейли, ишке ашпагандай көрүнчө да, жакшылыктан үмүт үзбөңүз!

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!