Дем алыш күндөрдөгү уйкунун пайдасы

Дем алыш күндөрдөгү уйкунун пайдасы
24-Март 2017, Жума

Күндөлүк турмуштагы көйгөйлөрдөн улам уйкусу канбай жүргөн адамдар көп эле кездешет. Эгер сиз да ушундай адамдардын катарына кирсеңиз төмөндөгү макаланы сунуштайбыз.

Чикаго университетинин окумуштууларынын изилдөөлөрү көрсөткөндөй дем алыш күндөрү узак уктоо кант диабет оорусунун пайда болушун алдын алат.

Алар мындай чечимге келүүдөн мурда дени сак, ашыкча салмагы жок он тогуз жигитти тандап алышкан. Изилдөөнүн биринчи бөлүгүндө аларга төрт күн бою күнүнө 8,5 сааттан, андан кийин 4,5 сааттан гана уктоого кеңеш беришкен. Андан соң изилдөөгө катышкандар эки күн бою каалаганча укташкан. Уйкунун узактыгы орточо эсеп менен алганда 9,7 сааттан турган.

Бул тажрыйбадан кийин катышуучуларды инсулинге сезимталдыгы менен диабет оорусуна анализдер тапшырылып текшерилген. Төрт күн бою жакшы уктай албаган жигиттердин инсулинге сезимталдыгы 23 пайызга азайып, диабетке чалдыгып калуу коркунучу 16 пайызга өскөн. Мындан сырткары уйкуларын кандырып алууга кеткен эки күн ичинде бул көрсөткүч калыбына келген.

Окумуштуулардын оюу боюнча бул адамзат үчүн чоң жаңылык болушу мүмкүн. Азыркы ар дайым кыймылда жүргөн заманда убакыт тардыгына байланыштуу көп адамдар уйкудан калып, эс алуу убактысы аз. Бир сутка бою уктабаган адамдын организминде кээ бир гормондор жумуш иштөөсүн токтотот.

Кандай адамдарга узак уктоо керек?

  • 1.Эгер сиздин жумушуңуз физикалык же болбосо эмоционалдуу, оор болгон болсо.
  • 2.Жумушта уйкуңуз келип, “куш уйкуга” кабылып жаткан болсоңуз.
  • 3.Эгер кайсы бир жериңиз ооруп жаткан болсо.

Мындай жагдайларда бир күн болсо да уктап, эс алып алуу ден соолугуңузга жагымдуу таасир берет. Бул убакыт аралыгында организм калыбына келүүсүнө жетиштүү болот.

Эгер сиз бул тизмектин арасынан өзүңүздү таппасаңыз, анда узак убакыт уктоого кызыкпаңыз. Анткени анын пайдалуу жактары менен катар, зыяны да бар.

Узак уктоонун адам организмине тийгизген зыяны:

  • 1.Биологиялык саатты бузат.
  • 2.Депрессия. Узак уктаган адамдардын көңүлү болбой, депрессияга дуушар болушат.
  • 3.Кан басым көтөрүлөт.

Кандай болгондо да ар бир адам өз организмин сезе билгени оң. Көптөгөн эрте уктап, эрте ойгонгон адамдардын иштери алдыга жылып, ден соолугу бекем болоорун байкап эле жүрөбүз. “Кеч турган адам ырыскыдан кур калат”,- деп бекеринен айтылбаса керек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!