Өнөкөт чарчоо жана уйкусуроо

Өнөкөт чарчоо жана уйкусуроо
26-01-2017

Таң эрте эс алып эмес, чарчап ойгонуу, уйкусуроо, алсыз абал, күн бою талыкшып отуруу, андан улам кыжырданып жүрүү мунун баары организмдин ар дайым чыңалуу абалда болуусунан улам келип чыгат. Эс алуу күндөрү да ойдогудай жеңилдикке ээ боло албай, кайрадан иш жумалыгын баштоо, азыркы кезде бул көрүнүштөр ар бирибизге тааныш. Организм тыныгып, эс ала албай өтүшүп кеткен учурда невропатолог, психиатр жана иммунолог сыяктуу атайын адистерге кайрылууга туура келет. Бирок кандай болгон күндө да бул абалдан чыгуу зарыл.

Ал үчүн өзүңүздү-өзүңүз чарчаткан жагымсыздыктар кайсылар экенин билип, андан кутулууга дароо кадам таштаңыз.

Чарчаңкы абал, алсыздык жана уйкусуроонун түрдүү себептери болот. Белгилүү болгондой бул мезгил алмашууларда көп кездешет. Биринчи учурда сезондук депрессия деп аталган көрүнүштө мелатонин бөлүп чыгаруудагы тең салмактуулук начарлайт. Бул зат түнкүсүн уктап жаткан учурда бөлүнүп чыгат. Күндүн чыгышы менен тарап кетет да анын ордуна бактылуулуктун жана жакшы маанайдын гормону болгон сератонинге кезек келет.

Эгер күн нурлары жетишсиз болсо организмдин тиричилик аракеттери азайып, жигердүүлүк, жашоого болгон сүйүү жоголот. Жазгы маалда, күз жана кыш айларында түрдүү вирус жана бактериялардан коруган адамдын иммундук системасы алсырай түшөт. Ошондон улам кээ бирөөлөрдү алсыздык жана уйку басып жана ошону менен бирге эле ооздо учуктар да пайда болот.

Организмди коргоочу күчтөрдүн алсызданышынан улам:

  • Физикалык активдүүлүк жоголот
  • Таза аба жетишпейт. Себеби көбүнчө жабык мекемелерде, унааларда жүрүү менен таза абада дем алууну тоо, токойлорго барууну унутуп калабыз.
  • Витаминдердин жана микроэлементтердин жетишсиздиги. Жер-жемиштерди көп убакыт сактаган маалда алар баалуулуктарын жоготот.
  • Эмоционалдык чарчаңкы абал түрлүү түстөрдүн жетишсиздигинен көпчүлүк учурда жашыл өңдүн аз болгонунан пайда болот.
  • Булар баардык белгилери болуп саналбайт. Буга уйку бездеринин, жүрөк, боор жана бөйрөк ооруларынын жетишсиздигинен улам, онкология оорулары жана инфекция күчөгөн маалга туш келсе жана башка ушу сыяктуу оорулардан улам пайда болушу ыктымал.
  • Бул көйгөйдөн арылуунун жолу барбы?

    Алсыз абалдан кутулуу үчүн, анын келип чыгуу себебин аныктоо зарыл. Биринчи кезекте тамак-ашка, иш убакытысына жана эс алуу маалга көңүл буруу керек.

    Өнөкөткө айланган алсыздык менен күрөшүү үчүн физикалык активдүүлүктү күчөтүп, бассейнге түшүү, лыжа тебүү сыяктуу түрдүү ийримдерге баруу кажет.

    Азыркы заманбап медицина тармагында адистер массаж, рефлексотерапия турдүү физикалык көнүгүүлөрдү түзүп берет. Анын жардамы менен ашыкча салмактан арылууга, омурткаларды кыймылга келтирип жана эмоцианалдуу активдүүлүктү чыңдайт.

    Иммунитеттин абалын текшерип коюу максатында анализ тапшырып коюу ашыкча болбойт. Бирок ошол эле маалда иммуномодулятор жана иммуностимуляторлор менен дарыгердин кеңешмеси жок дарыланууга болбойт. Себеби, онкологиялык клеткалардын жана аутоиммундук ооруларга кабылып калуу коркунучу бар.

    Комплекстүү витамин жана минералдык заттарды кабылдоого болот. Эмгектенүүдө жана эс алууда туура режимди сактап, эс алуу күндөрдү толук кандуу өткөрүүгө аракет жасоо керек. Ал күндү сейил бактарда таза аба менен дем алуу, жагымдуу эмоциаларга бай болуусуна өбөлгө түзүү зарыл. Тамактануу рационунун ичинде өсүмдүк жана жаныбарлардагы белокко, аминокислотага жана витаминдерге бай тамак-аштарды камтуу кажет. Буларга эт, буурчак, фасоль, жугөрү, жаңы бышкан мөмө жана жер жемиштер кирет.

    Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!