Түбөлүк өмүр сүргөн адам качан пайда болот?

Түбөлүк өмүр сүргөн адам качан пайда болот?
4-Май 2018, Жума, 16:48

“Genome” долбоорунун окумуштуулары 10 жылдан кийин баардык коркунучтуу вируска каршы тура алган, рак оорусуна чалдыкпоочу клеткалардын качан пайда болоорун айтышты. Бул тууралуу “STAT” порталы билдирет.

Окумуштуулардын мындай болжом жасоосуна ичеги таякчаларына катыштуу изилдөө жумушу себеп болууда. Адистер ушул микроорганизмдин геномине 321 өзгөрүш киргизип, кийин анын бардык вируска каршы турарын аныкташкан.

Татаал түзүлүштөгү геномдор модификациясы мындан көбүрөөк убакыт талап кылат.

«Адам гениндеги ар бир белокту программалоо 400 өзгөрүштү керектейт», - дейт Гарвард университетинин профессору Джордж Черч.

Анын айтуусу боюнча, адамдын 20 миң генинен керексиз кадондорду өчүрүп таштоо кажет. Окумуштуулар адамдын генин өзгөртүү аркылуу, радиация, картаю, суук аба ырайы жана ракка каршы туруучу клеткалардын пайда болушуна жагдай жасоого болоорун айтышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!