Микробдор көп кездешкен жерлер

Микробдор көп кездешкен жерлер
27-Март 2017, Дүйшөмбү

Балдарыңызга кылдаттык менен карайсыз, жеке гигиенаны сактап, таза тамак-аштарды ичип жеп жатасыз, бирок ошентсе да түрдүү оорулардан кутула албай жүрөсүзбү? Мунун баарына үйдөгү бактерия, микробдордун болушу себепчи болот.

Микробдор кездемелер жана чүпурөк-чапырактарда көбүрөөк жашашат. Изилдөөлөр көрсөткөндөй үйдүн ичинде 340тан ашык бактариялар кездешет, алардын 30дан ашыгын буюм-тайымдардан табууга болот. Бул абал жума аягында жасалган тазалоо иштеринде көрүүгө болот. Бактерияларды өзгөчө 7 жерде көбүрөөк кездешет. Бул жерлерди дыкат тазалоо менен алардан кутула алабыз.

Стол жана эшиктин туткаларында

24саат бою эң көп колубуз менен кармаган жерлер эшиктин туткалары. Мындан улам микробдор колдорубуз менен кармаган ар бир жерде көбөйөт. Бардык жарыкты өчүргүчтөр, баскычтары, меш, микротолкундар жана муздаткыч туткалары жана башка жерлерде кездештирүүгө мүмкүн.

2. Электрондук түзмөктөр

Уюлдук телефондор, планшет, компьютер ... дээрлик баардык бул түзмөктөр менен 7/24 саат бою чырмалышып калганбыз. Ошентип, бул аппараттар микробдор топтолгон жерлерге айланат. Сырттан кирер замат телевизор пультун кармасак, анда колдогу болгон микробдор пультка жармашат. Ошондуктан эң биринчи кезекте колду таза жууп андан соң гана аппараттарды кармап иш алып баруу керек.

3.Топулар, шарфтар жана мээлейлер

Тез тез колдонгон жана анда-санда гана тазалаган бул кийимдер микробдордун уюсына айланат. Сырттагы аба жана эл көп чогулган жайларда микробдор көп болот жана алар бул кийимдерге жармашып калат. Ошондуктан буларды колдонгондон кийин тазалап туруу керек.

4. Оюнчуктар

Өзгөчө балдардын сүйүктүү жумшак оюнчуктары ар жерде калып, турдүү кирлер жана чаңдар жабышат. Андан улам бала аны алып оозуна салып кармалап ооруп калат. Буларды тазалап жууп туруу менен балдарыбыздын сактыгын камсыз кыла алабыз.

5. Макияж жана спорт сумкалары

Макияж каражаттары салынган сумкаларды ар дайым жаныбызда алып жүрөбүз. Жууп, тазалап туруу оюбузга да келбейт. Микробдор ушундай тазаланбаган жерлерде көбөйүп баштайт. Суу жана самындын жардамы менен эки жумада бир жууп , тазалап туруу менен бактериялардан кутулуңуз.

6. Сүлгү жана тиш жуучу щетка

Тиш жуучу щетканы 6 айда бир алмаштырып туруу кажет. Бирок адистер 3-4 айда щетканын кылдары тушө баштагандан тарта алмашыруу керек деп эсептешет. Кунүнө аз дегенде эки жолу тиш жууп, щетканы суу бойдон ордуна коё салабыз. Бул бактериялардын сүйүктүү жерине айланат. Сүлгүлөрдү бир канча күн колдонобуз, бирок бет аарчуучу сүлгүнү эки кундө бир алмаштырып туруу керек. Бул нерселерди көп колдонгондуктан бактериялардын пайда болуусуна алып келет.

7. Ашкана бөлмөсү

Ашкана бөлмөсүндө тамак-аш сакталгандыктан бул жерлер да микробдордун пайда болгон жерине айланат. Ашкананы таза кармоо үчүн өзгөчө татымалдар турчу жерлер (туз, мурч), кесме салынган идиштер, кофе кайнатуучу идиштер жана раковиналарды таза кармоо керек. Көпчүлүк учурда суу самындын жардамы менен бактерияларды тазалап турууга болот. Кээ бирлери үчүн күчтүү каражаттар керектелет.

Бир үйдү таза кармоо маанилүү бирок, баарынан да өзүбүздү таза алып жүрүүбүз маанилүүрөөк. Андыктан ар дайым өздүк гигиенаны сактоону унутпоо гана керек!

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!