Күндүзгү уйкусуроону жоюнун жолдору

Күндүзгү уйкусуроону жоюнун жолдору
18-Май 2018, Жума, 11:28

Күндүн аптаптуу ысыгында көпчүлүгүбүз алсыздыкты, чарчаңкы абал менен уйкусуроону сезинүүбүз мүмкүн, өзгөчө түштөн кийинки убакта. Бул жумуш убактысында адамдын өзүн-өзү сергек сезүүсү үчүн кийинки кеңештерди сунуштайбыз:

- Жумуштун күч-кубатыңызга шай келүүсү. Мисалы, маанилүү, кыйын жумуштарды түшкө чейин бүтүрүп, ал эми түштөн кийинки убакта жеңил жумуштарды калтырыңыз.

- Узак отурбаңыз. Жумуш учурунда ордуңуздан туруп, көнүгүүлөрдү жасап туруңуз.

- Кофени көп ичпеңиз. Кофе уйкуну ачкандай болот бирок убактылуу гана. Чындыгында ал организмди алсыратып таштайт.

- Жагымдуу музыка угуңуз. Эгер Куран угууну кааласаңыз ал нервди тынчтандырып гана койбой, ден-соолугубузга өтө пайдалуу.

- Туура уктоо. Ал үчүн телефон, смартфонду уктаар алдында кем дегенде 1-2 саат мурда өчүрүп таштаңыз. Себеби алар тынч эс алып, эртеңки күнү сергек жүрүүңүзгө тоскоолдук жаратат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР