Жаштыкты уурдаган 5 адат

Жаштыкты уурдаган 5 адат
4-Апр. 2017, Шейшемби

Окумуштуулар карылыктын жаңы түрү туурасында кеп козгошууда. Журүм-турум адеби физикалык жана психологиялык жактан жаш адамдын бетинде карылыктын изин калтырууда.

Тамеки тартуу

Жүрүм-турумдан же болбосо бихевиоралдык карылык көпчүлүк учурда 25-30 жаштагы кыздарда байкалууда. Албетте, мунун баардыгы ар түрдүү факторлорго байланыштуу. Ошентсе да көпчүлүк байкаса керек кээ бир кыздар окуп жүргөндө жаш жана татынакай болушат да, окуусун бүтүргөндөн көп өтпөй эле баягы сулуулуктан эч нерсе калбай калат. Мындай өзгөрүүлөр - жашоо образына байланыштуу. Хронобилогиялык (жаш курак жана мезгилге байланыштуу) жана бихевиоралдуу гормондук карылык түрү биздин күнүмдүк жүрүм-турумубузга, ойлорубузга жана терс адаттарыбызга байланыштуу. Никотинге болгон көз карандуулук бул тизмектин сап башында.

Тамеки тартуу боордогу бир топ оорулардын келип чыгуусуна себепкер. Белгилей кетүүчү жагдай - бул организмдеги дарылардан, зыяндуу нерселерден жана башкаларды тазалоочу эң негизги фабрика.

Таарыныч

Жашоо ушунчалык кыска, аны пайдасыз таарыныч үчүн коротуунун керек жок. Таарынткан адамды чын жүрөктөн кечирүү сиздин жашооңузга дагы бир нече жыл кошушу мүмкүн. Ал эми тескерисинче ичте толгон таарыныч, көйгөйлөр жаштыгыңызды уурдап жашооңузду кыскартат.

“ Behavioral Medicine” журналына жарыя болгон изилдөөдө таарыныч нерв системасынын активдүүлүгүн күчөтүп, уйкунун сапатын төмөндөтөт.

Стресс картизол гормонун күчөтүп, ашыкча салмак кошуп, кан басымды жогорулатып, кандагы шекердин көбөйүшүнө жана диабет оорусунун пайда болушуна алып келет.

Уйкусуроо

Ден соолук жана сулуулук 7-8 сааттык үзгүлтүсүз түнкү уйкуга муктаж болот. Түн жарымда уктоо- бул жаштарга жана студенттерге гана тийиштүү көрүнүштөрдүн бири.

«Уйкунун жетишсиздиги— бул көздүн астындагы шишиктер жана кубарган жүздөр” дейт Нью-Йорк ооруканасынын невропатологу жана сомнологу Ален Тауфик.

Эгерде уйкусуроо адатка айланса бетти мурунку калыбына келтирүү мүмкүн болбойт. Анткени, дем алыш күндөрү болушунча уктап , уйкуну кандырып, өткөндү кайтарып алуу мүмкүн эмес. Ошондой эле кечкисин организм жана системалар жаңыланат. Ошондуктан бул жөнөкөй факторго маани бербей жүрө берүү өзүңүзгө жасаган кыянаттык.

Экспресс-диета

Тез арыктоого жардам берүүчү диеталар адамды улуу сездирет. Биринчиден, эмоционалдуу фон жабыркайт. Энергиянын концентрациясы жана деңгээли төмөндөйт, бирок кыжырдануу жогорулайт. Экинчиден, тез арада суунун жок болушу (көпчүлүк экпресс-диеталар сууга басым жасайт) терини картайтат. Тери бырышып, кагаздай жукара баштайт.

Комбинация ыкмасы

Окумуштуулар: тамеки тартуу ошону менен бирге көп кыймылдабаган жашоо образы, начар тамактануу, алкогол ичимдиктерин ичүү, хронобиологиялык жаштан 12 жылды алат деген чечимге келишти

20 жылдан ашык изилденген бул изилдөөгө 18 жаштан 44 жашка чейинки 5000 англичандар катышкан. 314 адамда жогоруда саналган баардык жаман адаттар болгон жана алардын 91и көз жумган.

Изилдөөнүн катышуучуларынын ичинен бир дагы жаман адаты жоктордон 387 адам болгон. 20 жылдын ичинде алардын 32 (8%) гана өлгөн

Ден соолугу таза топко мурун ичип чекпеген же таштагандар, жумасына 2-3 жолу гана спирт ичимдиктерин ичкендер, күнүнө 2 саат физикалык кыймылда болгон, жер жана мөмө жемиштерин бир күндө 3 жолу жегендер кирген.

Адистер келбет - бул жан дүйнөгө көз каранды. Каалоо болсо гана ар дайым жаш жана ден соолугу бекем бойдон калууга болот. Чындыгында ал үчүн бактылуу гана болуу керек, деп айтышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!