7 жаштагы бала таштанды иштеткен компания курду

7 жаштагы бала таштанды иштеткен компания курду
13-Июль 2018, Жума, 16:22

Акыркы жылдары айланадагы таштанды тууралуу маселелер көп айтылып жатат. Бирок анын коркунучу азайчудай эмес. Адамдар мурункудай желим бөтөлкөлөрдү көрүнгөн жерге ыргытып кетип жатышат. Калифорниялык 7 жаштагы бала Райан Хикман абалды өзгөртүп, башкаларга үлгү болуш үчүн таштандыларды кайра иштетүүчү өзүнүн компаниясын курду.

Баары Райандын 3 жашынан, атасы экөө чогулта алгыдай желим бөтөлкөлөрдү жыйнап, өткөрүү тууралуу чечим кабыл алган кезден башталды. Ал кезде Райан өзүнүн алгачкы бир нече доллар эмгек акысын алган. Бул ага катуу таасир берип, атасына таштандыларды көп жыйнап, сортоп турууга жардам берүүгө өттү. Андан бери Райан Хикман көчөдө көргөн ар бир бөтөлкөнү атасынын унаасына ташып, жыйнай берген. Анан ал жыйналган таштандыларды кайра иштетүү жайына алып барып, өткөрүшкөн.

7 жашка келгенде Райан Хикман экинчи чийки затты жыйнап, тазалап жана сортогон жеке фирмасын ачмак болду. Аны «Ryan’s Recycling Company» деп атады. Башында Райан атасы экөө кошуналардын бардык таштандыларын жыйнап алышты. Аларга калган таштандыларын таштанды мүшөгүнө жыйнай беришин өтүндү. Бул анын алгачкы кадамы эле. Азыр «Ryan’s Recycling Company» 5 аймакта иш алып барат. Фирмада болгону 40 адам эмгектенет. Ал эми таштаныдларды сортоо, тазалоо иштери Хикмандардын үйүнүн арткы короосунда жасалат. Азыркы убакта сорттолгон жана тазаланган таштанды 20 тоннадан ашты!

Таштандыны өткөрүүдөн түшкөн акчаны Райан Хикман кайрымдуулукка жана өзү окуп жаткан колледжге жумшайт. Азыр анын кайрымдуулук футболкаларынын жеке желесин уюштурган. Ошондой эле, Райан Хикман деңиз сүт эмүүчүлөрүн куткарууда Тынч океан борборунун элчиси болуп шайланды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!