Ийгиликке жетем десеңиз, ишке киришиңиз

Ийгиликке жетем десеңиз, ишке киришиңиз
27-Июль 2018, Жума, 10:19

Өзүңүз жөнүндө жаман ойлорду санаадан кууп чыгарыңыз. Сиз инсансыз. Өзүңүзгө деген ишенимди жоготсоңуз, сизди бул өмургө алып келген өзгөчө бир күчтүн тамырына балта чабасыз. Ушул нерсени ар дайым эсиңизде сактап жүрүңүз.

Ийгиликсиздик деген жок, тажрыйба деген гана түшүнүк бар. Максатка жетер жолдо тоскоолдукка кабылсаңыз, туура жолго буруп, түздөп алар мүмкүндүк деп кабыл алыңыз.

Ишиңизди ар дайым көзөмөлдөп туруңуз. Сиз кимсиз, кайсы жердесиз, дал азыр эмне менен алектенип отурасыз? Бул суроолор бош убакытты өткөрүүдөн арылтат. Кыймыл-аракетти эч качан токтотпоңуз. Бир орундан жылбасаңыз, башкалар көтөрүлгөндө, сиз төмөн жакта каласыз.

Сиз тууралуу өзгөлөр эмне ойлосо да – ал сиздин ишиңиз эмес. Сиз жүргөн жолдо чаңыңызга илеше албагандар өзүңүз тууралуу бир нерсе десе, анын сөзүн кулакка илбеңиз. Алар башкаларды сөз кылып, ашыкча-кемтигин жипке тизүүдөн башка убакыт таппайт. Кыйындык менен күрөшүүдөн корккон, жашоодо жолу болбогондордун келжирегени таптакыр кызык эмес.

Ишке киришиңиз. Колго алган нерсенин иши туурабы, же жокпу – муну дал убактысында эч ким биле бербейт. Күмөн менен үмүттү үзбөй, ойду жүзөгө ашырыңыз. Аракет – ишенимсиздик менен коркунучка каршы турган мыкты курал.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!