Бука фестивалындагы үрөй учурган окуя (видео)

Бука фестивалындагы үрөй учурган окуя (видео)
27-Авг. 2018, Дүйшөмбү, 14:35

“Bous al carrer фестивалынын күйөрмандары “Адемус” стадионунда үрөйдү учурган окуяга туш болушту. Аталган окуя Испанияда катталган. Анда жинденген бука туристтердин бирине мүйүзү менен кол салган. Залдагы көрүүчүлөрдүн бири буканы алаксытууга аракет жасаса, экинчиси окуяны видеого тартып алган.

Жыйынтыгында 45 жаштагы киши ооруканага жаткырылды. Ал кишинин көп жеринен жаракат алгандыгы жана мээси чайкалгандыгы маалым болду. Доктурлар анын өзүнө келүүсү үчүн колунан келген аракеттерин жасоодо. Ал ортодо жергиликтүү бийлик фестивалда бардык эрежелер сакталгандыгын айтып өттү. Ошондой эле жаракат алган киши фестивалдын дайымкы көрөрманы экени белгилүү болду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!