Панданын сүрөт тартуу өнөрү (видео)

Панданын сүрөт тартуу өнөрү (видео)
28-Авг. 2018, Шейшемби, 16:11

Вена шаарынын зоопарктарынын биринде панда сүрөт тартып адамдарды таң калтырууда. Эми анын тарткан сүрөтүнүн ар бири 500 доллардан сатылмакчы. Бул тууралуу “ ABC News” агенттиги билдирди.

Айтылуу панда Янг -Янг бамбук кистинин жардамы менен сүрөт тартат экен. Анын тарткан сүрөттөрүндө абстрактуу көрүнүштөр байкоого болот. Сүрөттөрдү интернеттен жана зоопарктан сатып алууга болот. Топтолгон каражат ошол эле пандалар боюнча сүрөттүү китепке жумшалмакчы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!