Кайсы убакта иштеген көп жемиш берет?

Кайсы убакта иштеген көп жемиш берет?
21-Сен. 2018, Жума, 13:57

Калыпташып калган салт боюнча, бардыгыбыз жумушка эртең менен барабыз, бирок бул абал адамдын жумуш жасоого болгон маанайы жогору экенин билдирбейт. Керек болсо тескерисинче.

Австралиялык Аделаида университетинин окумуштуулары күндүн кайсы мезгилинде адамдын мээси жемиштүү иштей баштаарын изилдеп көрүшкөн. Чындыгында адамдын мээси кеч курун жакшы иштеп баштайт экен.

Изилдөө учурунда адамдын башына электромагнит коюп, нервдин активдүүлүгү колдогу стимулятор аркылуу байкоо жүргүзүшкөн. Ошондой эле, күндүзгү иш-аракет кечки убакытта жасалган аракеттен бир топ айырмаланганы белгилүү болгон. Компьютер менен иштегендердин көбү кеч курун жумуштарын алгылыктуу жасашары менен түшүндүрсөк болот. Түндө жумушка киришүүнүн дагы бир пайдасы– эч кандай тоскоолдуктардын болбогондугу.

Ушундан улам чарчаган адам көп жумуш жасай турганы аныкталып жатат. Ал эми бир жагынан чарчаган мээ башка жумуштарды жасоого мүмкүндүгү да болбойт. Түнкүсүн иштеген адам тезирек уктагысы келет, демек ал жумушту тезирек бүтүрүүгө тырышат, ошону менен катар санаа да жумуштун бүтүшүнө демөө көрсөтөт.

Бул жагдай чыгармачылык менен же ойлоп табуу менен алектенген адамдарга пайдалуу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!