Уйкуңуз келгенде кофенин ордун эмнеге алмаштырса болот?

Уйкуңуз келгенде кофенин ордун эмнеге алмаштырса болот?
17-Апр. 2017, Дүйшөмбү

Ар бир эле кеңседе компьютердин алдындагы көп сааттык жумуш кишини чарчатып, уйкусун келтирет. Ал эми ушундай абалдан чыгуу үчүн эмне кылуу керек? Биз ушул туурасында кеңештерди топтомун жыйнап көрдүк.

1. Шоколад

Эмнеге? Ал таттуу, курамындагы канттын өлчөмү жогору. Кант адамга эки-үч сааттык сергектик берип турчу эндофриндерди бөлүүгө жардам берет. "Экзамен алдында шоколад же болбосо бир чыны чай ичкен жакшы” деген насаат барыбыздын эсибизде чыгаар.

2. Жылуу суу

Адамдын сууну көп ичпөөсү да тез чарчоого алып келет. Таң эртеден баштап көп өлчөмдө суу ичип жүрсөңүз, бир күн бою өзүңүздү сергек сезип жүрөсүз.

3. Мөмөлөр

Баардык эле мөмө-жемиштер өтө пайдалуу. Эгер малина же кулпунай болсо андан да жакшы. Бул мөмө-жемиштер табигый иш-аракетти кылыбына келтирет.



4. Апельсин ширеси

Цитрус жемиштери уйку соо арасында жүргөндөргө табылгыс казына. Шире адамдын денесин кубаттандыруучу С витаминине бай. Ал эми апельсин даамы мээнин жумуш иштөөсүн тездетет. Өзгөчө кыш мезгилинде сиздин чапчаң кыймылда болууңузга дем берет.

5. Суусундук

Жылуу суу тууралуу айтып өттүк. Суудан башка да суусундуктарды салкын же бөлмө температурасында ичип жүрүңүз. Бул денеңизди жеңил жана жакшы сезимге бөлөйт.

6. Жаңгак

Алар пайдалуу витаминдерге бай жана мээнин иштөөсүн да жакшыртат. Бирок, аны көп өлчөмдө колдонууга болбойт. Ашыкча энергия кажетсиз жумшалышы мүмкүн.

7. Көк чай

Мында баары түшүнүктү. Ар бир чайдын курамында кофеин болгондуктан, сизди уйкудан ойготот. Кофеге караганда чай ичкенден кийин жумушуңуз натыйжалуу болот. Кофенин таасири бир ичкенде эле билинет жана ошодой эле тез жоголот. Ал эми чай тескерисинче көпкө таасир берет.

8. Алма

Алма организмдидин зат алмашуу процессин жакшыртуучу бор элементине бай келет. Зат алмашуу процесси күчөгөн сайын сиздин жумушка деген кызыгууңуз пайда болот. Андан башка алманын сан түрлүү пайдасы көп. Ошондуктан, алманы күндө бирден жеп турууну унутпаңыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!