Миллионерлер тууралуу кызыктуу фактылар

Миллионерлер тууралуу кызыктуу фактылар
14-Ноя. 2018, Шаршемби, 15:00

1. Көптөгөн миллионерлер университетте көп отурбоого сунушташат. «Өздөрүн өзү жасаган» миллионерлер ЖОЖларын 2 курстан ашык окушкан эмес. Сизди миллионерлер клубунда "Дипломуңуз барбы?" деп сурашпайт. Бирок, бул - билимсиз болуп калуу деген сөз эмес. Бар болгону, билимдин керектүүсүн керектүү убакта ала билүүнүн, кажет кыла билүүнүн далили.

2. Акылдуу миллионерлер бир гана аялды тандап, болгон жашоосун ал менен бирге өткөргүсү келет. Себеби, жеңил жүрүштөр адамды моралдык жактан курчутуп жиберет.

3. Кытайда миллионерлердин өздөрүнө жар издөөгө убактысы болбойт. Керек болсо, дал ушундай адамдар үчүн деңиз саякаты ойлоп табылган. Саякатка аттана турган кеменин бортуна кем дегенде 20 миллион АКШ доллары бар 50 бизнесмен менен бай жана бактылуу жашоону каалаган кыз-келиндер болушат.

4. Статистикалык маалыматтарга таянсак, миллионерлердин 35 пайызы жумасына болжол менен 45-55 саат үзүрлүү эмгектенишет. Ал эми жөнөкөй адам 40 саат жумуш иштейт.

5. Себебин эч ким түшүндүрө албаса да, шотландыктар акчаны бошко чачпаган миллионерлер болуп саналат. Ал эми акчаны ысырап кылып чачкандар – россиялыктар.

6. Россиялык миллионерлер америкалык миллионерлердин 6 пайызын гана түзөт. Ошентсе да, россиялыктар америкалыктарга караганда 6 эсе көп миллионер аталышат.

7. Миллионерлер чыгымды эсептөөгө көп убактарын жумшабай тургандыктарын айтышат.

8. Америкадагы эң башкы эреже: Эгер бирөөнүн акчасы көп экенин байкасаңыз, аларды кызганбаңыз, жаңжал чыгарбаңыз. Андан да бай адамдарга бир нерсе сатып, өзүңүз дал ошондой миллионер болууга тырышыңыз.

9. Чыныгы миллионерлер балдарынын эркелигине көнүшпөйт. Алар болгону билиминин алдында баш ийишет.

10. Миллионерлер эч убакта чоң үй сатып алышпайт. Биринчиден, салык көп, экинчиден, жыйнаштыруу да кыйын. Муну менен катар, 25 000 АКШ долларынан ашык акчага унаа албоону жөн көрүшөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!