Кандагы гемоглобинди көбөйтүүчү азыктар

Кандагы гемоглобинди көбөйтүүчү азыктар
01-02-2017

Акыркы мезгилде анемия оорусу менен ооругандардын саны күн санап көбөйүүдө. Аз кандуулук керектүү азык-заттардын жетишсиздигинен жана адамдардын туура эмес тамактануусунун негизинде келип чыгат.

Кайсы азыктар гемоглабинди көтөрөрү тууралуу кеп- кеңештерди сунуштайбыз.

Жаңгактын, өрүктүн кагын, мейизди майдалап, ага балды кошуп аралаштырасыз. Бул аралашманы күнүнө 1 чоң кашыктан жеп турасыз.

Лимонду кабыгы менен кошо эт майдалагычтан өткөрүп, күнүнө 1-3 чоң кашыктан жейсиз.

Кызылчанын 100 мл ширесин сабиздин ушундай эле өлчөмдөгү ширесин аралаштырып ичесиз. Мындай шире гемоглобинди тез аранын ичинде көтөрөт.

1 даана сабиз менен 1 даана алманы кыргычтан өткөрүп, каймак менен аралаштырып салат жасап жеңиз.

1 стакан чийки гречканы банкага салып, үстүнө 1 стакан кефирди куясыз да, түнү менен тыныктырып коёсуз. Эртең менен даяр болуп калган гречканы жей берсеңиздер болот.

Ит мурундун мөмөлөрүн термоско чай сыяктуу демдеп, ага бал кошуп ичүү да иммунитетти көтөрүп кандын өлчөмүн калыбына келтирет.

Кызылчаны сүргүчтөн өткөрүп да, ширесин ичип кандагы гемоглобинди көтөрүүгө болот.

Жогоруда айтылгандардан тышкары алма, малина, кулпунай бүлдүркөн жана анар сыяктуу азыктар кандагы гемоглобин үчүн миңдин бири болуп саналат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!