Жайдын аптабында эске алынуучу эрежелер

Жайдын аптабында эске алынуучу эрежелер
19-Май 2017, Жума

Ысык аба-ырайы албетте, көлгө чумкуп, кумда жатып күнгө күйүгө шарт түзүп берет. Бирок, кээде ырахатка караганда жагымсыздыкты көбүрөөк тартуулап коюшу мүмкүн. Көпчүлүк адамдарга мындай аба-ырайы ден-соолугуна байланыштуу маселе жаратат. Жай саратанындагы ысыкты кантип көтөрүп, андан оңой өтөм десеңиз, төмөнкү эрежелерди сактаңыз.

Эмне үчүн ысыкты оор көтөрөбүз?


Биздин денебиздин температурасы - 36,6 С. Сырттагы температура мындан ашып кеткенде организм "кондиционерин" - температураны калыпка салуу системасын иштетет. Ысык организмге алсыроону, чарчоону, уйкусуроону, баш ооруну, энтигүүнү пайда кылат. Ысыкты баарынан мурда жүрөк, бөйрөк оорусу барлар, астма менен ооругандар оор көтөрүшөт. Ошондой эле жогорку температура кычкылтектин жетишсиздигин алып келет. Бул көрүнүш өзгөчө шаар жерине таандык. Күндүн ысыгында тез-тез кайталанып туруучу абанын жетишсиздигинен ден-соолуктары чың жана жаш адамдар да жабыр тартышы мүмкүн.

Эмне кылуу керек?

Кийим. Жабык, чыпташкан, синтетикадан тигилген кийимдер жай мезгили үчүн эмес. Бул мезгилде табигый кездемеден тигилген ачык, эркин кийимдерди кийүү талапка ылайык. Андыктан, кыска жеңдүү кофта же футболкаларды кийген оң. Галстук, кур дегендерди унутуңуз. Мындан тышкары, күңүрт түстүү кийимдер ысыкты өзүнө тартат, андыктан, ачык түстүү кийимдерге басым жасаңыз. Күндөн башты сактоо да маанилүү нерсе. Сөзсүз баш кийим кийиңиз: косынка, шляпа, панама. Баш кийимдин табигый кездемеден тигилгенине маани бериңиз.

Суусундук. Чаңкоого жол бербеңиз, ал организмди кургатат. Организмдеги суунун тең салмактуулугун сактоо үчүн 21 градус ысыкта күнүнө 1,5 литр, 26 градуста - 1,9 литр, 32 градуста - 3 литр суусундук ичиңиз. Буга минералдык суу, шире, компот, суюк тамак кириши мүмкүн. Көк чай да чаңкоону басуучу эң жакшы суусундук. Ал эми таттуу газдалган суу, сүт тууралуу таптакыр эле унутуңуз - булар чаңкоону кандырмак түгүл, кайра күчөтөт. Кофе, алкоголдук ичимдиктер организмди кургатат, андыктан, ысыкта аларды да колдонбой туруу керек. Эгер болбой эле колдонуш керек болсо, үчтөн бир бөлүгүнө суу кошуп, кургак вино ичиңиз. Ал эми пивонун 4,5 градустан күчтүү эмес түрүн тандаңыз. Эсиңизде болсун, кадимки аба-ырайына караганда жайдын аптабында бат мас болосуз.

Ысыкта өтө муздак суусундук ичүү сунушталбайт. Ал ашказанда көп убакытка кармалат. Анын курамындагы минералдык туздар организмдин клеткаларына кеч жетет да, тер бездерин козгойт. Андыктан, чаңкоону кандыруу үчүн бөлмө температурасындагы суусундукту ичкен оң.

Ондон бир бөлүгү лимон ширесинен турган суу ичип туруңуз. Бул суусундук ашыкча тердөөнү басаңдатат. Лимондун курамындагы С витамини болсо ысыктагы чарчоону, баш ооруну, кош көңүлдүктү жок кылат.

Кош бойлуулукта, гипертонияда, жүрөк ооруда, бөйрөктүн ишинин бузулушунда суусундук ичүүнү чектөөгө туура келет. Мындай учурларда кадимки суу толтурулган чачыраткыч алып жүргөн оң. Маал-маалы менен оозуңузду чайкап, чыканактын бүгүлгөн жерине, тизеге жана билектин ички бетине чачыратып турасыз.

Тамак-аш. Өз рационуңуздан майлуу тамак менен таттуу азыктарды ала туруңуз. Жай айында этти кууруп жегенден көрө кайнатып жеген оң. Туздалган азыктарды жегенден кийин дагы көбүрөөк суу ичүүгө туура келет, андыктан, туздан да алысыраак болуңуз. Андан көрө жашылча-жемиштерге көбүрөөк басым жасаңыз. Түшкү тамакка сөзсүз түрдө муздак шорпонун түрлөрүнөн ичиңиз.

Душ. Өзүңүздү жакшы сезүүгө салкын душ жакшы жардам берет. Ваннадагы сууга бир литр пиво кошуп, ошол сууга чайкансаңыз, көп убакытка чейин салкындыкты сезип жүрөсүз. Ал эми башты жалбыздын, грейпфруттун кошулмасы бар шампунга жууган жакшы. Булардын курамында салкындыкты сездирүүчү эфир майы бар.

Ысыктан бут шишип кетиши мүмкүн. Күн сайын жумуштан соң үйгө келгенде деңиз тузу жана жалбыз кошулган ванна даярдап, 15-20 мүнөт бутуңузду салып отуруңуз.

Фитотерапия. Сельдерейдин ширеси ысуудан сактайт. Аны даярдоо үчүн сельдерейди тамыры менен кошо ширесин чыгара сыгып, бир күндө бир рюмкадан ичип туруңуз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!