Көптү көргөн акылмандан 14 кеңеш

Көптү көргөн акылмандан 14 кеңеш
16-Июнь 2017, Жума

Кайгы менен кубанычтын кош арабасын сүйрөтүп бул өмүрдүн далай белесин артка таштаган адамдардын оозунан жашоого керектүү кеңештер чыгат. Алар кийинки муундагы- инилери өзү жасаган каталарды жасабаса экен, өзү өкүнгөн ишти кылбаса экен деп өмүрдөгү тажрыйбалары менен бөлүшөт.

  • Биз алгач маянабызды алган күндөн баштап, балалык менен коштошобуз. Ушул убактытан баштап сиз да материалдык байлыкты гана көздөгөн катарлаш көч менен дүйнөнүн артынан жүгүрүнүн башкы кадамдарын баса баштайсыз.
  • Айланадагы карапайым адамдар эң өзгөчө. Алар эл аралык массалык маалымат кызматы аныктаган маалыматтан да артык жаңылыктардан кабардар болуп турат. Ошондой болсо да алардын баары туура маалымат тарата бербейт. Көпчүлүк маалыматтар ооздон кулакка жетип жүрүп өзгөрүп да жетишет. Угуучулары да жок эмес. Алар болочокту болжоп, бүгүнкүгө да саресеп салып айтып бере алат.
  • Көп билгендер да көптү көргөндөр да сүйлөй берсин. Алар сүйлөгөндө угуп гана туруу керек. Ал үчүн эң биринчи уккан нерсени туура түшүнүп ойлонууну да үйрөнүү керек. Ошондо алар сүйлөгөндө өзүңүзгө гана керектүүсүн алууну үйрөнөсүз. Ал эми калганын мээдеги таштанды кылбай жөн гана кулактын сыртынан өткөрүп жиберип отуруңуз.
  • Өмүрүңүзгө жана ишиңизге үлгү болчу адамдын болгону жөн. Бирок, үлгү алабыз деп, анын жашоосун кайталап, көчүрмөсү болуп кетүүдөн качыңыз.
  • Уялчаактык-алдыга карай жүрүүнүн душманы. Өзүңүздүн колуңуздан эмне келээрин көрсөтө албоо да шордуулук.
  • «Бетбактык-экинчи бакыт» деген орустардын сөзү да туура. Кээде бул мүнөз болбосо бирөөлөрдүн казган оруна да оңой түшүп каласың.
  • Колунда эч нерсе жок кезде көп тобокелге барган да жакшы. Убакыт өткөндө үй-бүлөң, кирешең, намысын менен абройуң жыйналганда тобокелге барып бел буу кыйын болуп калат. Эгер тобокелчил чечимдер кабыл алууну жакшы көрсөңүз, жаш кезиңизде гана ага барыңыз.
  • Жолдош тандаганда абайлап ойлонуу зарыл. Өзүбүзгө кайсы бир жери жакпаган адам менен карым-катнашта болбоо керек. Убакыт өткөндө анын «кандайдыр бир жеринен» бизге кооптуу жагдайлар келип калуусу мүмкүн.
  • Ар дайым эле жоомарт боло бербей, керек учурда сараңдык да таанытуу керек. Анткени өзүбүз тапкан дүйнөнүн кадырын өзүбүз гана билебиз.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!