Терини күндүн таасиринен коргоочу беш азык

Терини күндүн таасиринен коргоочу беш азык
22-Июнь 2017, Бейшемби

Ысык аптаптуу күндөрдө кыйналгандан тышкары, күндүн алдында ашыкча болуу териге да зыян алып келиши мүмкүн.

Күндүн алдында болгондо териге туура кам көрүү өтө зарыл болуп саналат. Жайкы аптаптуу күндөрдө тери эки эсе коргоого муктаж.

Кундөн коргоочу кремдер, кийимдерден тышкары күн алдында көп убакыт болууну чектөө кажет.
Бул жайында көлдүн жээгинде жатып күнгө күйөөрдөн мурда алдын алуу иш-чаралары болуп саналат. Организм керектүү делген заттарды алып жатканына ишенимдүү болуңуз.

Ал үчүн төмөнкү азыктар жардам берет:

Помидор каротиноид-ликопин заттарына бай азыктардын бири болуп эсептелет. Каротиноид күндө жүргөндөн кийин денедеги эркин радикалдарды байлап, коргоочу күчтүү антиоксиданттар бар. Помидорду колдонуу териге пайдалуу азыктарды алууга мүмкүн болгон жемиш болуп саналат. Изилдөөлөргө ылайык, он жума бою негизги тамакка томат пастасынын 40 граммын жана 10 грамм зайтун майын кошуп жегендердин 40 пайызга күнгө күйүүлөрү азайган. 10 грамм гана зайтун майын кошуп, бирок помидор кошпогондого караганда.

Сабиз. Ликопин жана каротиноидердин күндөн коргоочу касиети сабизде да кездешет. 2006-жылы жүргүзүлгөн изилдөөлөргө таянсак төрт жүз миллилитр сабиз ширесин (ликопиндин 10 мг жана бета-каротин 5,1 мг камтыйт) күн сайын ичкендерде 45 пайызга күнгө күйүүнүн кыскаруусуна алып келген.



Көк чай бүткүл дүйнө жүзү боюнча колдонулган элдик суусундук болуп саналат. Башка пайдалуу касиеттеринен тышкары (анын ичинде, ашыкча салмактан арылуу, депрессия жана жүрөк - кан тамыр оорулары), көк чай күндөн коргоочу мыкты азыктардын бири. Жашыл чай жалбырактары полифенолго бай келет. Алар канцерогенезди жайлатып, ультра-фиолет нурларынан коргойт.

Жашыл чай антиоксидант катары терини рак оорусунан, иммунитеттин алсыроосунан, шишиктин өсүшүн алдын алып жана башка көптөгөн оорулардын келип чыгышына жол бербейт. Изилдөөчүлөр күнүнө 5-6 чыны көк чай ичүү күндүн зыяндуу таасиринен олуттуу коргоочу таасирге ээ болот деп божомолдошот.

Балык. Деңиз азыктары анын ичинде айрыкча балык, омега-3 май кислоталарынын классындагы эйкозапента кислотасы жогорку деңгээлде кездешет. Бул май кислотасы майдын пайдалуу түрү жана организмдин сезгенүүгө каршы күчтүү таасирге ээ болуп саналат. Изилдөөлөрдө күнгө күйүүнү алдын алууга жардам берет деп көрсөтүлгөн. Үч ай бою күн сайын төрт грамм майды колдонгон адамдар аз өлчөмдө күнгө күйүшкөн. Жыйынтыгында белгилүү болгондой майды колдонгон адамдарда колдонбогондорго караганда аз күн нурларына күйгөндүктөрү байкалган. Кошумча анализде май теридеги ДНКгы жабыркаган маркерлердин төмөндөшүн көрсөткөн.

Шоколад. Полифенол антиоксидантка бай, шоколад, жогорку кан басымы жана көптөгөн башка дарттарды ооздуктоого жардам берет. Шоколад (жогорку сапаттагы кара шоколад) керектөө терини ультра-фиолет нурларынан коргойт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!