Жемиштин кабыгы эмнеге пайдалуу?

Жемиштин кабыгы эмнеге пайдалуу?
11-Июль 2017, Шейшемби

Жемиштин кабыгында көптөгөн пайдалуу витаминдер бар. Керек болсо натыйжалуулугу жемиштин өзү менен теңме-тең десек да болот. Америка элинин диетологдарынын айтуусу боюнча, эгер адам алманынын кабыгы менен жеген болсо, анда ал киши өзүн (((омырау зыяндуу шишик оорусунан, боор, ичеги-карын дартынан коргой алат экен. Ошону менен катар, банандын кабыгы жаракаттанган учурда шишикти тез айыктырууга жардам берет.

Дарбыздын кабыгы колит менен ичегинин суук тийип калуусунан айыктырат.

Кивинин сырткы кабыгында киви жемишинен 3 эсе көп антиоксидант бар. Ошону менен бирге ичегиде болчу зыяндуу бактериялар менен натыйжалуу күрөшөт. Андан сырткары апельсин менен лимон кабыктарында да пайдалуу витаминдер менен антиоксиданттар бар. Бул жемиштердин кабыгы ичегинин тамак-аш сиңирүүсүн бир калыпта кармайт.

Дагы бир эскерте кетүүчү нерсе, жер-жемиштердин кабыгы ден соолукка пайдалуу болгону менен анын бетинде зыяндуу токсин болушу да мүмкүн. Ошондуктан өсүмдүктү пайдаланаардан мурда жакшылап жууп колдонуу кажет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!