Бактылуу өмүр сүргүңүз келсе!

Бактылуу өмүр сүргүңүз келсе!
12-Июль 2017, Шаршемби

Бактылуу өмүр сүргүңүз келсе баары сиздин колуңузда. Эң башкысы төмөнкү эрежелерди кармануу гана керек.

  • 1. Күнүнө аз дегенде 3 адамга кубаныч тартуулаңыз.
  • 2. Көп кыялданыңыз. Кыялдар орун алат.
  • 3. Күч-кубатыңызды калп, ушак айтуу үчүн жумшабаңыз.
  • 4. Өмүр өтө кыска. Ошондуктан өч алууга убакыт коротпоңуз.
  • 5. Өз өмүрүңүздү өзгөлөрдүн өмүрү менен салыштырбаңыз. Анткени алардын башынан эмне өткөнүн сиз көргөн жоксуз.
  • 6. Өз өмүрүңүздү бактылуу кылчу өзүңүз экенин эстен чыгарбаңыз.
  • 7. Уйкуңузду кандырыңыз
  • 8. Көп окуңуз. Окуган адамдын гана ойлонуу аң-сезими өтө күчтүү болот.
  • 9. Күнүнө 2 литр суу ичүүнү адатка айландырыңыз.
  • 10. Өткөн ишке өкүнбөңүз. Бирок, келечекте кайталабаңыз.
  • 11. Бул өмүрдөгү болгон байлыгыңыз — үй-бүлөңүз экенин унутпаңыз.
  • 12. Өз-өзүңүздү жакшы көрүңүз. 13. Убакыт зымырап учуп бара жатат. Жакшы адамдар менен аралашыңыз.
  • 14. Башыңызга кандай иш түшсө да, жылмайып жүрүңүз.
  • 15. Көп жакшы иштерди жасаңыз. Ал милдетүү түрдө кайрылып келет.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!