Жай картаям десеңиз кара жумуштан качпаңыз

Жай картаям десеңиз кара жумуштан качпаңыз
1-Авг. 2017, Шейшемби

Айрым маалыматтарга карасак жалкоолор көп жашашат деген пикирлер бар. Көрсө, тескерисинче физикалык жактан көп кыймылдап, тынымсыз оокат кылып жаны тынбаган адам жалкоолорго караганда орто эсеп менен 10 жылга жай картаят.

Мындай жыйынтыкка келээрден мурда окумуштуулар эксперимент жүргүзүп көрүшкөн. Анда жаны жай алып, көп чарчабаган адам менен эмгекчил адамдардын организмин салыштырып көрүшкөн. Жыйынтыгында физикалык кыймылды активдүү жүргүзгөн кишинин организми өзүнүкүнөн 10 жаш кичүү, көп кыймылда болбогон адамдыкы менен тең болуп чыккан.

Андыктан адам узагыраак өмүр сүргүсү келсе кара жумуштан качпай, жалкоолукка жол бербегени оң.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!