Сергек жүрүш үчүн...

Сергек жүрүш үчүн...
8-Авг. 2017, Шейшемби

Уйкуңуз канбай калган күндөрү эс-мас болуп, денеңизди оор нерсе басып тургандай сезимде болобуз. Бирок уйку канбаса да, денени сергек кылуунун жолдору бар экен.

Муздак суу менен жууну

Бул ыкма уйкуну ачууга, кан айланууну жакшыртууга жардам берет. эгер толук жуунууга мүмкүндүк болбосо, бутту муздак сууга салып, жыпар жыттуу самын менен жуунуңуз.

Суюктукту көп ичиңиз

Газсыз минералдуу суу менен табигый жашылча-жемиш ширеси жардамга келет. Эгер жашылча-жемиштен өз колуңуз менен суусундук жасап ичсеңиз, эң жакшысы ошол болот. Чоң стаканга суу толтуруп, ар бир 10 мүнөт сайын 2-3 жутум суу ичип туруңуз. Суу таза, кошулмасы жок болуш керек.


Эртең мененки тамак

Уйкуңуз канбай, ордуңуздан сүйрөлүп араң тургандан кийин, күнү бою сергек жүрүү үчүн эртең мененки тамакты жакшылап ичиңиз. Сүт кошулган ботко, жашылча-жемиш жеңиз. Бирок тоюп жебеңиз. Мындай учурларда эртең мененки тамакты тоюп жесеңиз, кайрадан төшөккө жаткыңыз келип калат.


Таза абада жөө басыңыз

Таза абада сейилдеген баарынан жакшы. Жөө жүрүп, таза абаны терең жутуңуз. Бир нече ирээт көнүгүү жасап жиберсеңиз да ашыкча болбойт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!