Адам уктабастан канча жашай алат?

Адам уктабастан канча жашай алат?
9-Авг. 2017, Шаршемби

Кайсы бир деңгээлде уйку адамга тамактан да маанилүү. Окумуштуулар “адам тамаксыз жалаң суу ичип, максимум 2 ай жашай алат” дешет. Ошол эле кезде уйкусуз адам узакка жашай албайт. Мисалы, Кытайдагы камактагы адамдарды 10 күн бою уктатпай койгондо, алардын баары өлүп калышканы маалым.

Уйку үчүн канча убакыт жетиштүү?

Бул жаатында так жооп берүү кыйын. Анткени бул организмдин жекече өзгөчөлүгүнө байланыштуу. Кээ бирөөлөргө уктап эс алуу үчүн 8 саат керектелсе, кээ бирөөлөргө 6 саат жетет. Атактуулардан Пётр I, Бехтерев, Шиллер, Гёте суткасына 5 сааттан укташса, Наполеон үчүн 4 саат, ал эми Эдисон үчүн 2-3 саат уктоо жетишерлик болгон.

Адам бир нече күн уктабай калганда анын көзүнө ар нерселер көрүнүп, сөздөрү түшүнүксүз чулдурап, көрүү менен угуусу, эс тутуму начарлайт.

Жаңы төрөлгөн ымыркай – ата-энесинин толук уктабай калышынын күнөөкөрү. Анткени баланы караган ата-эне ымыркай 1 жашка чыкканга дейре 400-500 сааттык уйкусунан кол жууйт.

Жол кырсыктарынын алтысынын бири айдоочулардын жакшы уктабай калгандыгынан улам болот.

Жалпысынан алганда, кичине балдар үчүн суткасына 10 саат, 10-25 жаштагылар үчүн 8-9 саат, 25-55 жаштагылар үчүн 8 саат, 65 жаштан кийин 6 саат уйку керектелет.

Уйку кезиндеги ачылыштар

Жогоруда айткандай, адам күнү кечке же бир топ мезгилден бери бир нерсе тууралуу ойлонуп, ага жооп таба албай жүрсө, анда ал түшүнө да кирет. Кызыгы, айрым атактуулар уйку кезинде өздөрүн кыйнаган суроолорго жооп таба алышкан. Мисалы, Менделеев элементтердин мезгилдик системасын жайгаштыруу жолун түшүндө көргөн. Химик Фридрих Кекулеге бензолдун молекуласынын түзүлүшүн түшүндө ачкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!