Тепкич менен басуу мээнин картаюусун жайлатат

Тепкич менен басуу мээнин картаюусун жайлатат
24-Авг. 2017, Бейшемби

Жаңы изилдөөлөр көрсөткөндөй тепкич менен жөө басуу мээнин саламатта болуусун камсыз кылат экен. “Neurobiology of Aging” журналында жарыяланган изилдөөдө адам канчалык тепкич менен көп басса, анын мээси ошончолук жашара тургандыгы айтылган.

Монреалдагы (Канада) Конкордия университетинин башкы изилдөөчүсү Джейсон Стеффенер менен анын кесиптертери 19 жана 79 жаш аралыгындагы 331 дени сак адамдын мээсин изилдөө үчүн магниттик-резонанстуу томографияны (МРТ) пайдаланган. Алар катышуучулардын мээсиндеги күкүрттүн көлөмүн өлчөшкөн. Анткени анын төмөндөшү – картаюнун белгиси болуп саналат. Кийин изилдөөчүлөр катышуучулардын мээ көлөмү менен канча убакыт билим алганын жана тепкич менен көп жүргөн аракеттерин эсептешкен. Натыйжасында адам тепкич аркылуу канчалык көп көтөрүлсө, анын мээси ошончолук “жашараары” белгилүү болгон

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!