Телефонду жатарда эмнеге өчүрүп коюу керек?

Телефонду жатарда эмнеге өчүрүп коюу керек?
26-Авг. 2017, Ишемби

Азыркы заманда, чын айтуу керек, телефон, смартфондор айырылбас досубузга айланды. Күндүз колубуздан таштабайбыз, ал эми түндө жаныбызга алып жатабыз. Телефонго деген «сүйүү» ден соолугубузга зыян келтирбейби? Ушуга токтоло кетсек.

Уктаар алдында телефонго үңүлөө кароо көзүбүзгө зыян экени баардыгыбызга маалым. Ошону менен катар, анын кыска толкундуу нурлары мээбизди чарчатып, тез жана тынч жатып уктообузга жооп берүүчү мелатонин гормонунун бөлүнүүсүнө бөгөт болот. Ошондуктан, тез уктап, сергек ойгоно албайбыз.

Күнү бою жумуштан чарчап келип, жатар алдында инстаграм, фейсбукка кирип, «мээбизди эс алдырабыз» деп ойлосок жаңылышабыз. Ал мээни эс алдыруу эмес, тескерисинче, мээге оор жумуш берип коюу, анын активдүүлүгүн жогорулатып, ага түрдүү керексиз маалымат менен толтуруп таштайбыз.

Мунун баардыгы-АКШнын окумуштууларынын изилдөөсү. Азыркы кезде изилдөөчүлөр “телефон рак оорусун пайда кылат” деген түшүнүктү аныкташууда. Себеби, телефон рак пайда кылат деген накта далил жок, бирок болуусу ыктымал дешет адистер.

Дарыгерлер ден соолугубузга зыян тийгизип албаш үчүн телефонду жатар алдында кем дегенде жарым саат мурда өчүрүп коюуга жана мээни эс алдыруу үчүн китеп окууну сунушташат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!