Кедейлик психологиясын жоюнун 5 жолу

Кедейлик психологиясын жоюнун 5 жолу
8-Сен. 2017, Жума, 14:06

Сиздеги кедейлик психологиясы менен күрөшүнүн жолдоруу тууралу сөз кылсак:

Өзүңүздү аябаңыз!

Жумуштан чарчаган кезде «мен чарчадым» деген ойдон арылыңыз. Уйкуңуз канбаса, күнү бою дагы бир-эки саат уктап алышым керек эле деген ой менен жүрбөңүз. Маанилүүсү сиздин түндө уктаганыңыз эмес, бүгүнкү күнүңүздүн кандай өткөндүгүндө. Бир күндү ушундай ой менен кор кылып өткөрүп алууңуз мүмкүн.

Нааразылана бербеңиз!

«Менин айлыгым эч нерсеге жетпейт! Акчадан кыйналып кеттим!» деген сөздөрдү көп айтасызбы? Ойлонуңузчу, ушуну айткандан баштап сиздин айлыгыңыз өстүбү, өссө акчаңыз жетип жатабы? Албетте, жок. Мынтип нааразылангандан эч пайда жок. Өзүңүздү кыйнай бербеңиз, жумушка деген кызыгууңуз калбай калаарын жакшы билесиз.

Барга шүгүр, жокко каниет кыл! Дүнүйө эч кимге эч качан жеткен эмес, Байыган адам дагы байысам дейт. Баардык нерсенин кадырын билиңиз. «Канааттанган адамдын курсагы ток болот». Шүгүрчүлүк кылууну унутпайңыз.

Баардыгын акча менен байланыштырбаңыз!

Акчаңыз көп болсо, бактылуу болмок элем деп көп ойлонооруңуз белгилүү. Көп акча ийгиликтин, бакыттын, кубанычтын ачкычы болгон эмес.

Баардыгы бир убакта болбойт!

Ушуну жакшылап түшүнүү керек. Мисалы, сиз соода менен алектенип, алгач көп чыгымга учурадыңыз дейли. Мындан улам эч качан соода да жолум болбойт деп түшүнүү жаңылыштык. Балким кийинки жолу ийгилик сизге жылмаят!?

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!