Өмүрдү жеңил жана натыйжалуу узартуу ыкмасы

Өмүрдү жеңил жана натыйжалуу узартуу ыкмасы
22-Сен. 2017, Жума, 17:00

Өмүрдү узартуунун жеңил жана натыйжалуу ыкмасы аныкталды. Бул тууралуу “lenta.ru” сайты билдирди.

Канададагы Макмастер университетинин окумуштуулары 30 мүнөттүк физикалык иш-аракет бир жумадагы беш күн ичиндеги жүрөк кан тамыр ооруларын алдын алып, өмүрдү узартаары аныкталды.

Окумуштуулардын макаласы “The Lancet” журналына жарыяланды.

Ири изилдөө жумуштарына 17 өлкөдөн 130 миң адам катышкан.

Жүргүзүлгөн сурам-жылоого учурунда эрктүүлөр жума боюу физикалык көнүгүүлөр канчалыкта машыккандарын айтышкан. Окумуштуулар изилдөөгө алган адамдарды жети жылдай текшерүүгө алышкан.

Белгилүү болгондой, 750 мүнөттөн көп баскан адамдар маалынан мурда кайтыш болуп калуу коркунучу 36 пайызга кыскарган.

Окумуштуулар спорт залга, жүгүрүүгө, сүзүүгө барбай эле, үй жыйнап же болбосо жумушка жөө барууга болоорун айтышууда. Эгер ушунун баардыгы ишке ашса, анда ар бир жети жылда болчу өлүм-житим сегиз пайызга азайтууга болоорун көрсөткөн.

“New Scientist” кабарлагандай, Дүйнө жүзүндөгү ден соолукту сактоо уюму 18-64 жаш аралыгындагы адамдарга жумасына 150 мүнөт бир калыпта физикалык иш-аракетке жана эки күндө булчуң эттерди күчтөндурүүчү машыгууларга арноону кеңеш беришет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!