1 долларга эмне сатып алса болот?

1 долларга эмне сатып алса болот?
27-Сен. 2017, Шаршемби, 16:39

Азыркы убакта 1 доллар бизидн валюта боюнча 68,5 сомду түзөт. Кимдир бирөөлөр үчүн бул эч нерсеге жетпеген акча болсо, ал эми башкалар үчүн маанилүү салымдардын бири болуп саналат. Ойлоп көрүңүз, 1 долларды кандай жумшайсыз? Чет өлкөлөрдө 1 долларга эмне сатып алууга болот?

Кытай

Бир тилим нан. Кытайда 1 доллар керек болсо бир кесим нан сатып алууга жетпейт.

Венгрия

Бир бөтөлкө шарап. Бул таң калычтуу эмес.

Индия

Алты чыны чай. Чайды жакшы көргөн индустарда жыпар жыттуу, татымалдар кошулган чай келет.

Нидерландия

Дүкөндөгү 10 даана куймак. Ал атайы колдон жасалып даярдалган куймактардан 1 долларга кымбат турат.

Австралия

“McDonald’s”дагы муздатылган суу менен коктейль.

Италия

Бир чыны эспрессо же болбосо капучино. Италиялыктар жакшы кофени көп ичишет.

Нигерия

Бир пакет кокос чипсысы.

Малайзия

12 жумуртка.

Түштүк Африка

“ McDonald’s”дагы 2 чизбургер.

Колумбия

3 эмпанадас, бул латын америкалык таттуу.

Вьетнам

Бир тарелка салтуу вьетнам кесмеси.

Гондурас

11 банан. Бул жакта банандар өтө арзан.

Индонезия

67 сагыз. Тургундар 67 сагызды 1 долларга эң оптималдуу деп эсептешет.

Хорватия

Чоң чыныдагы американо кофеси.

Финляндия.

Бир баштык фарштан жасалган чучук (сосиска). Эттен жасалган тамактарды жакшы көргөн тургундар үчүн эң жакшысы ушу.

Швейцария

3 таңгак сагыз.

Уругвай

Пакеттеги бир литр сүт.

АКШ

Алар 1 долларга бир банка муздак чай ала алышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!