Машыкканда суу ичүү өлүмгө алып келүүсү мүмкүн

Машыкканда суу ичүү өлүмгө алып келүүсү мүмкүн
10-Окт. 2017, Шейшемби, 10:28

Өзгөчө, күндөлүктү болбосо, спорт менен машыгуу үчүн сууну көп ичкендер, суу ичүү керек деп ойлошот. Алар «машыгууда тердегендиктен, организм көп сууну жоготту, заматта көбүрөөк суу ичишим керек” дешет.

Мында сиз билиш керек болгон маанилүү маселе бар.

Өткөн жылы уюштурулган “Спорт ден соолукту сактоо” иш-чарасына айтылган адистердин түшүндүрмөсү жарыяланды.

«Спорт менен машыккан учурда чамадан артык суу ичүү эски ишеним гана эмес, ошону менен бирге өтө кооптуу”

Ооба, сиз туура окудуңуз, спорт менен машыккан учурда сууну көп ичпөө керек. Ошону менен катар, бул маселе сиз ойлогондон да маанилүү. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, организмге кирген суу кандагы натрийдин деңгээлин төмөндөшүнө алып келет. Өкүнүчкө карай мунун арты өлүмгө чейин алып келүүсү мүмкүн.

Натрийдин деңгээли төмөндөгөн кезде спортчу гипонатриемия деп аталган дартка чалдыгат. Бул көйгөй организмде көптөгөн өзгөрүүлөргө диареяга, кусууга жана баш айланууга чейин алып келүүсү мүмкүн. Бирок ал белгилүү өлчөмдөргө жеткенде ортоңку нерв системасына терс таасир берет. Бул баштын оорусуна, калтыроого, баш мээнин шишигине, кома жана өлүм коркунучуна чейин жеткирет.

Ошондой эле, гипонатриемия бөйрөктөр менен таяныч системасына таасир берет. Ошого байланыштуу бөйрөк гипонатриалга чалдыккан маалда жумуш иштей албайт жана келечекте бөйрөктө туруктуу көйгөйлөр пайда болот. Таяныч системасы жабыр тарткан кезде күтүүсүздөн дененин калтыроосуна алып келет. Ошол себептен спорт менен машыккан кезде ашыкча суу ичүүдөн сактанышыбыз кажет.

Билдирүүдө айтылгандай, буга чейин спортчулардын арасында тилекке каршы, оор кесепеттерге алып келген жана аягы өлүм менен аяктаган 14 учур катталганы айтылат.

Спорт менен машыккан учурда канча суу ичүүбүз керек?

Америкада өткөн “Спорт ден соолук сактоо” коллегиясына катышкан эксперттер буга жөнөкөй гана жооп беришти, сиз суусаган кезде жана каалаган учурда гана суу ичиңиз. Спорт же күнүмдүк турмушта өзүңүздү суу ичүүгө мажбурлабаңыз. Берилген отчетко шайкеш, болгону бир гана учур бар: эгер сиз жеңил жумуш жасасаңыз жана тердээрден мурда суу ичкен болсоңуз бул көйгөйлөрдүн пайда болуусу төмөндөйт.

Ошентсе да өзүңүздүн ден соолугуңузду ойлоп ашыкча суу ичүүнү токтотуңуз. Сиздин күндөлүктү керектөөңүз боюнча диетологдордон, дарыгерлерден же болбосо ушул тармактагы спорттук машыктыруучудан кеңеш алыңыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!