Адамдарды жакындан тааный билиңиз

Адамдарды жакындан тааный билиңиз
13-Окт. 2017, Жума, 12:41

Тааныш-тамырларыңыздын көптүгүнөн алардын баардыгынын кулк-мүнөзүн толук биле албаган учурлар болот. Ошол эле учурда жакын досуңузду беш манжаңыздай билүү мүмкүн эмес.

Адам баласын таанып-билүүдө анын кыймыл-аракети маанилүү ролду ойнойт. Өзүңүздүн жакындарыңызды жакындан таныгыңыз келсе, төмөндөгү сүйлөмдөргө көз чаптырып көрүңүз.

Тез басса...

Сиздин тааныш адамыңыз тез басса, ал адамдын жан дүйнөсүндө өзүн тынчсыздантырган маселелер көп жана өзүнө деген ишенимдүүлүгү аз дегенди билдирет. Тез кыймылдагандыктан кызуу кандуулукка да алдырып жиберет. Кандай гана жагдай болбосун адамдардын бетине тике айтат. Өзүнүн бир беткейлүүлүгүнөн таяк жеген учурлары болот. Маанайы ар дайым алмашып турат.

Шашпай басса...

Мындай адамдар өзгөчө көзгө түшкөнду жакшы көрүшөт жана өзүнөн эч нерсе аяшпайт. Өзүнүн «мени» бар адам. Калаганын жүзөөгө ашыра алат. Өзүн абдан жакшы көрөт. Махабатка келгенде акча ал үчүн баалуу. Кээде жолу болбой калган учурлары ошол сүйүүнүн айынан. Сиз үчүн андан да маанилүүсү жан дүйнөсүнүн руханий тазалыгы экенин эстен чыгарбаңыз.

Ар бир каамын карап басса...

Өзүнө ишенимдүү жана ар бир нерсени өз орду менен болгонун каалайт. Ирээтсиз турган дүйнөгө көңүлү толбойт. Бир калпта сүйлөө маданияты да жакшы өнүккөн. Бул ар бир адамды кызыктырбай койбойт. Бул тармактын адистери көбүнчө жогорку кызматтагы адамдар экен.

Денесин түз кармап басса...

Бул адамдар — саркеч жана өз оюн ишке ашыра алган, оюндагысын эч тартынбастан айта алгандар. Тазалыкты да, сулуулукту да өтө жакшы көргөндөр. Адамдардын кийинүү үлгүсүнө көңүл бөлүшөт. Эгер жакпаса, айтып салышы мүмкүн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!