Эмнеге уктап жатып тишти кычыратабыз?

Эмнеге уктап жатып тишти кычыратабыз?
17-Окт. 2017, Шейшемби, 12:30

Уктаганда тишти кычыратуу деген эмне? Бул көйгөйдү кантип дарылоого болот? Тиш кычыратуу көбүнчө психологиялык себептерден (нерв, стресс) келип чыккан оору, ага кайдыгер мамиле кылбоо керек...

Дарыгерлердин билдирүүсү боюнча, өзгөчө түндө уктап жаткан маалда тишти кычыратуу кадимки көрүнүш жана анын жашообузга зыян келтирбеши үчүн аны дарылоо кажет.

Тиш кычыратуу деген эмне?

Бул ыңгайсыздык уйку маалында тиштерди кысуу, тиштерди кайроо жана жаакты кысуудан пайда болот. Эл арасында тиш кайроо же кычыратуу деп аталат. Бул кадимки жагдай эмес. Уктап жаткан учурда көп кездешкен бул абал кээ бир адамдарда жашоодогу түрдүү себептерге байланыштуу күндүз да кайталанышы ыктымал. Көпчүлүк бул абалды байкабай калышы мүмкүн. Көптөгөн адамдар жакындарынын айткандарынан кийин гана билишет. Тишти кычыратуу кооптуу болушу менен катар кулакка да өтө жагымсыз болуп угулат. Калптуу учурда мындай добуштарды чыгарууга мүмкүн эмес.

Эң негизги себеби: стресс

Тиш кычыратуу, тиштер арасындагы тыгыз байланыштын бузулушунан келип чыгышы мүмкүн. Бирок, бул көп кездешүүчү белги эмес. Жалпысынан бул ыңгайсыздыкка жашоодо башыбызга келген материалдык жана руханий проблемалардын таасиринен пайда болгон психологиялык кысым себеп болот. Анткени көптөгөн адамдар өздөрү каалаган жашоо деңгээлине жете албагандыктан бул ызааларын ичтерине сакташат. Ушундайча түнкү уйку маалында бул тиш кычыратуу ирээтинде көрүнүш байкалат.

Тишти кычыратуунун тиштерге тийгизген зыяны:

Тиштердин чайноо бетинде өзгөрүүлөр пайда болот.

Тиштин эмалинде пайда болгон ыңгайсыздык тиштердин кыскарышына алып келет.

Тиштер суукка сезимтал боло башташат.

Капыстан тиштин зыркырап ооруйт.

Тиш менн жаактын арасындагы байланыштарда алсыздык пайда болуп, тиштердин бошоп же түшүүсүнө себеп болот.

Дарылоо ыкмалары

Тиш кычыратуу себебинен пайда болгон ыңгайсыздыкты алдын алуу максатында “түнкү коргогучтар” деп аталган атайын силикондон жасалган тишке кийилүүчү кеп колдонууга болот. Көпчүлүккө пайдалуу болгон бул кептер кээ бир адамдарга дарылануу маалында жетишсиз болушу ыктымал. Ошондуктан адамдын ыңгайсыздык деңгээлине байланыштуу кошумча булчуң эт жумшартуучу, психологиялык терапия ыкмалары, жок тиштердин ордуна протез коюу жана туура жасалбаган пломба менен каптоо болсо буларды жаңыртууга болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!