Бактылуу жандардын өмүрү кыскабы?

Бактылуу жандардын өмүрү кыскабы?
31-Окт. 2017, Шейшемби, 12:52

Америкалык музыкант Бобби Макферрин 1988-жылы «Don’t Worry, Be Happy» аттуу ыр жазган. Аны укккан адамдар эс алып, баштагы ашыкча ойдон арылып, өздөрүн бактылуу сезишкен. Ошондон кийин көптөгөн окумуштуулар өздөрүн чындыгында бактылуу сезген адамдардын өмүр сүрүү жашы узак болот деген жыйынтыкка келишет. Ал эми австралиялык окумуштуулар аны жокко чыгарышкан. Алар бакыт менен узак өмүр сүрүүнүн бири-бирине эч кандай катышы жок деп эсептешет.

Сидней шаарындагы Түштүк Уэльс университетинде эпидемиолог болуп иштеген Бетте Лю дарыгердин изилдөө жумуштарына көз жүгүртсөк, бактылуу адамдардын жашоосу кыска болот экен. 1996-жылы “Million Women Study” долбоорунун башталышы менен изилдөө жумуштары жүргүзүлөт. Ага 700 миң аял киши катышкан. Арадан үч жыл өткөндөн кийин окумуштуулар катышуучулардын канчалыкты өздөрүн бактылуу сезишкендерин сурашкан. Бирок алардын 4 пайызы ар түрдүү себептерге байланыштуу көз жумган.

Сурамжылоо маалында аялдардын 39 пайызы көп учурда бактылуу болушканын айтышса, ал эми калган 61 пайызы анда-санда гана өздөрүн бактылуу сезишкендерин маалымдашкан. Бирок ажал айтып келберин баарыңыздар жакшы билесиздер. Азыр күлүп-ойноп жүрүп, эртең бул дүйнө менен кош айтышып калуубуз мүмкүн. Ошондуктан бактылуу адамдар узак өмүр сүрөт деген жыйынтыкка биз да келишпейбиз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!