Бактысыз жаш курак аныкталды

Бактысыз жаш курак аныкталды
10-Ноя. 2017, Жума, 14:37

Окумуштуулар биздин эң бакытсыз жаш курагыбызды изилдеп көрүштү. Изилдөө алкагында 51 өлкөдөн 1 миллион 300 миң адамга сурамжылоо жүргүзүлүп, анда биз бактысыз болгон жаш курак аныкталды.

Изилдөөнү Дартмут колледжинин экономисти Дэвид Бланчфлауэр жана Уорвик университетиндеги Эндрю Освальд жүргүзүштү. Ар тараптуу жүргүзүлгөн изилдөөдө баардык өлкөлөрдөгү адамдарда окшоштук бар экенин көрөткөн.

Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча, бакыт менен жашоого канагаттануу бара-бара азаят экен. 30 жаштагылардыкы 20 жаштагылардыкына караган төмөн, ал эми 40тагылардыкы 30 жаштагыларга караганда аз болот экен.

50 жаштын башында ал эң төмөн абалга келип жетет. Тагыраак айтканда бактысыз курак 50 жаш! Андан кийин ал кайрадан жогорулай баштайт. Жашоодогу бакыт «U» арибине окшоп кетет эмеспи?

Биз 20 жашыбыздагы бактылуу убакты бара-бара жоготуп кийин 50 жаштан соң ошол бактылуу куракты сезе баштайбыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!