Кыялдарыңызды өзүңүз жакындатыңыз

Кыялдарыңызды өзүңүз жакындатыңыз
22-Ноя. 2017, Шаршемби, 10:01

Кыялды максатка, максатты планга айлантуу дегенди көп угабыз. Уктаар алдында ойлогон кыялдарыбыз, эртең менен ойгонгондо максатка айланса, планга дагы бир кадам жакындадык деген сөз. Кыялдарыбыздын орундалуусу үчүн, кыялга берилип жүрө бербей, аракетке көчүү керектигин баарыбыз билебиз. Ал эми аны жакындатуу психологиялык контексте өзүбүздүн да колубуздан келет.

Кыялыңыздын орундалуусу үчүн ал ар дайым сиздин жаныңызда болуусу тийиш. Мисалы, чоң үйүңүз болгонун кааласаңыз, анын сүрөтүн кагазга тартып, бөлмөңүздүн дубалына илип коюңуз. Компьютериңиздин жумуш үстөлүнө да ошол сүрөттү коюңуз.

Кыял-максат кагаз бетине жазылган сайын, сизге жакындай түшөт. Өткө чактагы болгон пландарыңызды кагаз бетине түшүрүңүз. Мисалы, «Мен көч башчымын!», «Кесиптештеримдин же досторумдун арасында ардактуумун!», «Менин балдарым өтө акылдуу жана тартиптүү». Кандай жагдай болгонун кааласаңыз, көзүңүздү жумуп, ошону элестетиңиз. Ар бир деталына чейин кино сыяктуу, көз алдыңыздан өткөрүңүз.

Карым-катнашта баардыгы жакшы болгонун кааласаңыз, муңдуу, кайгылуу музыка укпаңыз. Тескерисинче, «Сен келерсиң бир күнү», «Бактылуумун өзүң менен» деген сыяктуу, жакшылыктан үмүттү үздүрбөгөн обондорго кулак түрүңүз. Буга чейин айтып келгендей, кыялдарыңыз менен максатарыңызды эч кимге айтпаңыз!

Тагдырдын жазганы болот, ага эч ким шек келтире албайт. Бирок тагдыр ташы сиз жакка ооп калуусуна өзүңуз себепчи экениңизди эстен чыгарбаңыз! Башкысы, кыялыңыздын орундалуусуна чын жүрөктөн ишенсеңиз болду! Мейли, орундалбачудай көрүнсө да, жакшылыктан үмүт үзбөңүз!

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!