Организимиңиз жаз мезгилине даярбы?

Организимиңиз жаз мезгилине даярбы?
28-02-2017

Жаз табигатты сулуулукка курчаган кооз мезгилдердин бири. “Кыштан аман эсен чыгып, жаз да келди” деп кубанганыбыз менен организмдеги кээ бир жагдайлар маанайды түшүрүшү ыктымал. Ар жыл сайын бул сыяктуу кайталануулардын сыры иммунитет алсырап, организмде витаминдердин жетишсиздиги келип чыгат.

Кышкы суукта үйдө отуруп, мекемелерден көп чыкпай, аз кыймылдайбыз. Жаздын башталышы менен алсырап, депрессияга кабылабыз. Кар эрип, аба ырайынын өзгөрүүлөрү кан басымдын түшүп кетүүсү менен баш ооруларды да алып келет. Жазгы маалда чарчап, алсыроо авитаминозго байланыштуу болот. Бул мезгилдердеги жашылча жемиштердин пайдалуулугу азайып, кээде зыяндуу, химиялык жол менен өстүрүлгөндөрү да пайда болот. Ошондуктан кыштан калган алма менен сабиз авитаминоз менен күрөшө албайт. Бул жагдайда дарыгер менен кеңешип, витаминдерди кабылдоо пайдалуу болот. Ошону менен бирге кайсы мезгил болбосун пайдалуулугун жоготпогон жер жемиштерден баш тартпай тамактанган жөн.

Туура тамактануу демекчи кыз-келиндер арасында бул мезгилде ашыкча салмактан арылууну каалагандар көбөйөт. Айымдар диета деп витаминсиз, организмдин алсыздыгына карабай тамактанууну азайтып ташташат. Чындыгында “диета” деген сөз “туура жана пайдалуу тамактануу” деген түшүнүктү берерин унутуп коюшат. Эң алгач ден соолугуңузга көңүл бөлүңүз деп кеңеш бермекчибиз.

  • Алсыздык байкалып, көздүн көрүүсү начарласа А витаминине,
  • Нервиңиз жукарып, стресс болуп, чачыңыз түшүп, тырмактар сына баштаса В витамини,
  • Организмдеги зат алмашуу процессинде өзгөрүүлөр байкалып, муундар ооруксунуп жатса С витаминине бай тамактарды дасторкондун үстүнө коюңуз.
  • Муундар менен булчуң эттерине да көңүл бөлүп туруңуз. Жазында муундар зыркырап, эски жаралар менен узакка созулган оорулар сыр бере баштайт. Канча сактансаңыз да жазгы суук жел сизге жетпей койбойт. Дарыканаларга баш багып атайы майлар менен жылуулук берген кремдерди жана ооруну басуучу гелдерди алып коюуга кеңеш беребиз.

    Жазгы маалда депрессияга кабылып, нерв жукарып, психологиялык алсыроо да келип чыгат. Мындайда нервти тынчтандыруу үчүн гимнастикалык көнүгүүлөр жардамга келет. Күн сайын 10-15 мүнөт убактыңызды көнүгүүлөргө арнасаңыз кан айлануу жана булчуң эттерде микро жана макро элементтер менен керектөө күчөйт. Ички силкинүү (эндокринная железа) бездеринин жакшы иштөөсүнө мүмкүнчүлүк туулат. Организмге жагымдуулук тартуулап, көтөрүңкү маанайда болууну камсыздайт. Физикалык кыймыл-аракетте болуу, ар түрдүү дене көнүгүүлөр, ден соолукка чоң жардам берип, ар дайым жаш бойдон калууга мүмкүнчүлүк түзөт.

    Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!