Сиздин ар бир саатыңыз акча!

Сиздин ар бир саатыңыз акча!
6-Дек. 2017, Шаршемби, 16:55

Адам жашоосунун жарымынан көпчүлүк бөлүгүн жумуш иштөө менен өткөрөт. Бул – азыркы бүткүл жер бетинде калыпташып кеткен система. Болгону байдын үй-бүлөсүндө төрөлүп, атаңыздын акчасына жашайм дебесеңиз, баарын башынан баштоого тура келет. Сиздин жашооңуздун куну канча турат? Ал эми саатыначы?

Ай сайынкы табышыңыз 10 миң сом деп эсептейли. Аны калыпташкан жумуш убакытысына бөлүңүз. Тагыраак айтканда, туруктуу 172 саат. Ошондо сиздин ар бир саатыңыз 58 сом болот. Ал эми дүкөнгө барып 2-3 миң сом турган көйнөк же кийим сатып алсаңыз, ойлонсоңуз канча акчаны талаага чачып жатасыз? Албетте адамга бул нерселер керек, бирок керектөөнү канааттандыруу үчүн бул көрсөткүчтөн да көп тапкан оң.

Бирөөгө алган белекти аз акчага алдым деп уялбаңыз. Себеби ал сиздин канчалаган саатыңызга татыган өлчөмдөгү белекке ээ болуп жатат. Ошондуктан ал белекти сапатына карап сатып алыңыз. Мисалы алган нерсенин баасына шай келбесе, соодалашыңыз. Уялуунун кереги жок. Ал сиздин милдетиңизге кирет.

Алган нерсеңизге, берчү белегиңизге маани бериңиз. Себеби ал сиздин ар бир саат үчүн 58 сом алып, тер төгүп тапкан каражатыңыз. Ал эми кыйындык менен келген акчаны желге учуруп салуу оңой.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!