Баары сиз ойлогондой болбой жатабы?

Баары сиз ойлогондой болбой жатабы?
10-Янв. 2018, Шаршемби, 09:49

Жашоо сиз ойлогондой боло берсе анын кызыгы калабы?! Ошондуктан сизге ал түрдүү нерселерди даярдап коёт. Керек болсо сиз күтпөгөн жаңылыктар да болуп кетет. Ал эми жаңылыктардын баары жакшы боло бербейт. Жаман жагы да бар. Ал экөөнө тең даяр болуу үчүн эмне кылуу керек, баары сиз ойлогондой болбой чыкса кантебиз?

Сабырдуу болуңуз

“Сабырдын түбү сары алтын”,-деп бекер айтылбаган чыгаар. Сабырдуулук– эң чоң мугалим. Себеби ал сизди ар түрдүү кыйын жагдайдан аман алып калат. Сабырдуулукту сактай албай турган маалда да, чектен чыккан учур болсо да салкын кандуулук таанытуу керек.

Күтүүсүз сыйга жооп берүү керек

Өзүңүзгө жасалган аракетке, сыйга каршы жооп бергиңиз келсе, ачуу чакырып, жинденип жүгүрбөңүз. Күлүңүз. Атактуу актер Джеки Чан мындай деген: «Душманды жеңүүнүн эң оңой жолу – күлүү. Себеби сен күлүп жүрүп өзүңдү эркин кармайсың. Ал эми ачууланып жүрүп жөнөкөй күрөштө да жеңилип каласың. Күлкү – психологиялык курал».

Билип туруп, билбестик таанытыңыз

Болгон жумуштун кандай ой-максат менен жасалганын ичтен сезип, билип турсаңыз да маани бербеңиз, билдирбеңиз. Башкысы өзүңүздү карматып койбоңуз. Эң оңой жолу ар бир суроого кандай болгон күндө да: - Оу? – деп жооп бериңиз!

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!